Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бүтүндөй журт Баш мыйзамды издегенде

Жазылуу
Ошентип Баш мыйзамдын түп нускасы жок эле таң да атты. Табылып калса экен эми.

Алтынчы чакырылыштын депутаттары элди зериктирбейт өңдөнөт. Күн алыстабай жаңы ачылыштарды ачып, "из-под каптала" чыгып сүйлөп калганда бешиктеги баланын да боору эзилет. Шаршемби күнкү отурумда акылдуу түр көрсөтүп, салабаттуу эле сүйлөп жатышкан, анан эле Баш мыйзамдын түп нускасын таппай калышты. Чаламандын чак түшүндө, эң маанилүү делген Конституция жоголду! 

Мэ сага, көп түкүрсө көл болот дегендей, интернет колдонуучулардын баары издеп жөнөштү. Айрымдар Курманбек Бакиев уурдай качты десе, кээси айдоочунун бардачогунда окшойт деди. Кыскасы, бул жылы Конституциянын жоголгон жылы болмой болду. Тээ илгери, Баш мыйзам жоголгон жылы деп калбасак эле болду. 

Баса, элден калбай Баш мыйзамдын түп нускасын Sputnik Кыргызстан агенттиги да издеп, изине түштү. Буюрса түшкө маал биздин сайтты акмалап турсаңыздар, жакшы жаңылык чыгып калат.

Апасын сагынып, сөйкөсүн сатып Россияга камынган кыздын таенеси окуя тууралуу кененирээк баяндады.

Ал эми ага чейин, бул жаңылыктарга көз чаптырып туралы. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Футболдун эл аралык федерациясынын (FIFA) рейтингинде рекордун жаңылады

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев болсо Россиянын "Газпром" компаниясынын жетекчиси Алексей Миллерге "Данакер" сыйлыгын тапшырды.

Ал эми "Тибиртке" рубрикасында дипломаттык терминдердин кыргызча маани-маңызын чечмеленди

"Дыйкан- Пишпек" менен "Ош" базарларындагы тоодой үйүлгөн таштандылардын сүрөттөрү бул жакта.

© Sputnik / Табылды КадырбековМусор на городских рынках Бишкека
Мусор на городских рынках Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Мусор на городских рынках Бишкека

Бүгүн болсо жолдор тайгалак болот, абайлаңыздар. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.08 (сатып алуу) жана 68.21 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 33 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Жоголгон бычактын сабы алтын.

Өзүбүзгө сак болуп, кошуналарды ууру тутпайлы. Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0