Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айга учкан кыргыз менен ажатты ачкан ажатканалар

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнү өтуп бараткан адам. Архив
Көчөнү өтуп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кандайсыздар ледилер жана жентлмендер? Жакшы жатып жай турдуңуздар деген илгери үмүт менен өткөн күндү барактайбыз.

"Жакшыга жанаш, жамандан адаш" деген макал жөн айтылган эмес. Андыктан келиңиздер, жалаң гана жакшы жаңылыктарды эстеп, жаманын четке кагалы.

Кыргыз, орус, казак айга учуптур дейт. Анан орус менен казактан эмне үчүн айга учтуңар деп сураса, "илимий изилдөө жүргүзөбүз, жаңы ачылышытарды, айдын кыртышын иликтейбиз, бул жакта 100дөн ашуун эксперименттерди жасайбыз" деп, айтор, көп максаттарын айтышыптыр. Ал эми кыргыздан сен эмнеге учтуң десе, кыкең кымырабай туруп, "жөн эле" дейт имиш.

Андыктан келиңиздер, жөн эле жаңылык окубай, жакшы жаңылыктарды барактап, жаркын маанайда иш күнүн баштайлы. 

Буюрса менин таластык досум жаңы темир тулпарлуу болот өңдөнөт. Анткени быйыл төө буурчактын баасы 67 сомго чыгыптыр. Баракелде дейли! Анткени былтыр ушул маалда 25-30 сом болгон эле. Эл эмгегин жер жебейт деген ушул да. Таласка унаалар батпай кетпесе эле болду эми. 

Ажатты ачкан ажатканалар. Бишкек шаарына 18 ажаткана курулат экен. Менимче эң сонун жаңылык. Анткени борбор калаага келип ажаткана издеп арманын айткандарды көп эле кездештирсеңиз керек. Бир ирет аяш атам Ала-Тоо аянтчасына келип, аттиң, туалет таба албай конокко келген үйүнө чейин жөө кетип калыптыр. Бишкекте кайсыл жерде туалеттер бар экенин көргүңүз келсе, бул жактагы картага көз салыңыз

Казакстанга баруу кыйла жеңилдейт. Анткени кечээ күнү ТИМ башчыбыз Эрлан Абдылдаев казак кесиптеши менен кыргыз жарандарынын Казакстанда каттоосу жок 30 күн жүрүүсү боюнча келишимге кол койду. Азаматсыз, министр мырза. Ушунуңуздан жазбаңыз. 

Ал эми жаны тынбаган Азамат Жаналиев Путиндин сүрөтүн өз колуна тапшырам деп толкунданып турган чагы. Атына заты жарашкан жигитибизге бир гана алга дейли.

Эгерде дыйкан базарынын асмандан кандай көрүнөрүн көргүңүз келсе бул жактан күтөбүз.

Ал эми апта ирмеминен да айланып өтпөңүздөр

© AFP / YASUYOSHI CHIBAКонкурс Carnival’s Queen of the Samba 2017 в Рио-де-Жанейро
Конкурс Carnival’s Queen of the Samba 2017 в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Конкурс Carnival’s Queen of the Samba 2017 в Рио-де-Жанейро

Баса, кесиптешим Айида Батырбекова экөөбүздүн кантип Москва шаарына барып, кыргыздарга кезиккенибизди окуйм десеңиз, бул жакка кош келиңиз.

Сак болуңуз, бүгүн катуу шамал болушу күтүлөт

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.46 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 33 сомдон сатылууда. Соңку сөз ордуна: Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат

Соңку сөз ордуна: жылмаюу — жан дүйнөнү көрсөтүп турган терезе. 

Жумушуңузду жылмайып гана жасай бериңиз. Көрүшкөнчө. Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0