Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Текебаевдин бир тал чачы түшпөйт экен

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАла-Тоо аянты, архив
Ала-Тоо аянты, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсенсизби, мекендеш. Бүгүн күнгө бейшемби.

Үйлөргө от келет! Күз өз өкүмүн жүргүзүп, аба салкындай баштады. Бири алтын күз деп сүйүнсө, экинчилери депрессиядан качып жүргөн учуру. Анткени менен күздү коштой Бишкек шаарында жашагандарга жакшы кабар айтабыз. 14-октябрдан тарта жылуулук берилет

"Ата керээзинин" арымы чоң. Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы Оскар киноакадемиясынын узун тизмесине киргизилгени аталган академиянын сайтына жарыяланды. Жаман эмес. 

Бетине жылдыз түнөгөн Соң-Көл сүрөттөрү менен бүт дүйнө тааныша турган болду. Белгилүү режиссер Тимур Тугалевдин Нарындагы Соң-Көлдү тарткан сүрөттөрү National Geographic Nature Photographer of the Year — 2016 деп аталган беделдүү фотосынакка катышып жатат. Тартылган эмгектер конкурстун сайтына жарыяланды.

Интернет сизге кызык болсо. Интернеттин баасы мурунку калыбына түштү деген кептин канчалык чындыгы бар, анын сапаты кандай болуп жатат, эмне үчүн операторлор мурунку тарифтик бааларды кайтарбай жатат. 

Текебаевдин бир тал чачы түшпөйт! Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өмүрү үчүн кооптонгон Өмүрбек Текебаевди коргоого даяр. Саясий айдыңда чейрек кылымга жакын келе жаткан Баш мыйзамдын атасына карата чекисттер ушундай пикир айтышты. 

Сырдуу, сүрдүү, сулуу жана ажайып. Кыргызстандагы ак элечекчен айымдарды бул жерден көрөбүз.

Экс-министр Турганбаев баштаган "крутой" ардагер спортчулар. Кечээ алар "Манаска" келип түштү. Өлкөнүн желегин желбиреткендерди күйөрмандары "кол чабуулар менен тосуп алышып, чепкен жаап, калпак кийгизип да жиберишти. Болсун! 

Айфон жарылып… Эркек киши iPhone 7 телефондун видео камерасын иштетип жатканда ал жарылып кетип, бети-башы, колу күйүк алыптыр. Оңой эмес акчага алганы аз келгенсип, жаракат алып жатканы жаман экен. Айтор, телефонду абайлап чукулаңызчы, эмне болсо да. 

Ай, ай, аталар… И баса, интернетте чоң кишилер балдардын бети-башы канжалап, чырылдап ыйласа да, мушташтырып жаткан видео тараган. Милиция мушташтыргандар ошол эле балдардын аталары, көчөлөш жашаган кошуналар экендигин аныктап чыгып, абакка салды. Алар Өзгөн районунда жашагандар экен. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.42 (сатып алуу) жана 68.58 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 33 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Чоркок киши буканын мурдун муштуму менен көзөйт. 

Иш күнүңүздү ийгилик коштосун бурадар, урматым менен Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0