Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сүйүнчү, туугандар! Аяш ата болдум!

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхивное фото прохожих на одной из улиц Бишкека
Архивное фото прохожих на одной из улиц Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уясынан чыккан күн ааламды жылыта баштады. Күн нуру сиз менен бизге да тийген болсун.

Иш күнү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери кумурскадай эле тыпырап, жаны тынбай иштеп жатышат. Расул байке чоң материал жазса, Нургүл эже жаңылык терип, аны Канышай эже текшерип, Аида болсо депутаттарды кара терге салууда. Мен ушул кыйындарга кыпчылып, парламентти угумуш этип отургам, аңгыча эле жакын досум чалып, кыздуу болгонун сүйүнчүлөдү. Уккан кулагыма ишене албай, аяш ата болгонумду ойлосом окемдер айтмакчы "крышам таят". Буга чейин деле досторум балалуу болгон деңизчи, анткен менен жакын досуң кыздуу болуп отурса башкача болот экенсиң. 

Анан албетте, досубуздун кызын майлоо үчүн чогулдук. Амандашкан соң кызынын сүрөтүн көрүп алып, өзүмчө эле эзилем. Тыпырайган колдору, нур чачкан көздөрү, атасынын эле өзү! 

Бир саамга Жогорку Кеңеште каралган өспүрүм кыздардын никелешүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору эске түштү

Мен ушул сүрөттө турган кичинекей периштенин 14-15 жашта турмушка чыкканын такыр элестете албайм. Кантип эле? Өзү бала болуп турса анан! Алгачкы сүйүүгө кабылган күндө да өспүрүм кыздардын үй-бүлө куруусуна караманча каршымын. Ошондуктан үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоору иштеп кетсе, улут келечеги кең болору талашсыз. 

Келиңиздер, андан көрө кыздарыбыздын укугун коргоп, жакшы тарбия берели. Биздин кыздарыбыз тууралуу эл аралык басылмалар жазып турса кандай керемет. 

Мына ушул кыздарыбыз келечекте мугалим болуп, балдарды тарбиялап турса жаманбы? 

Андыктан эл өкүлдөрү жазып берген мыйзамдын иштешине жапа тырмак жардам берели!

Баса, кечээ күнү мугалимдер майрамы болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул майрамды утурлай агартуучулардын сүрөтүн тартуулоону туура көрдү.

Ал эми Ош шаарынын 3016-жылдыгына карата видео сунуштайбыз

Баса, бүгүн күн ачык болот

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.25 (сатып алуу) жана 68.11 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. Соңку сөз ордуна. Бирөө өлмөйүн, бирөө күн көрбөйт…

Соң сөз ордуна. Жакшы кыз — жакадагы кундуз.

Кыргыздын кыйын кыздарына кең келек каалап, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0