Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Агынан жарылган Сатылганова, айланы кетирген кар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги филармониянын алдындагы Манас эстелигинин архивдик сүрөтү
Бишкектеги филармониянын алдындагы Манас эстелигинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын табияты керемет. Ага ашык болуп, кеткиси келбегендердин саны көп.

Өзүнө арбаган табият. Кыргызстан чындап эле бейиштин төрү. Анын асман тиреген зоолору, карагайлары, суулары, дегеле койчу абасы керемет. Бул кереметке суктанган чет элдиктердин саны толтура. Анан айтмакчы, Көкөмерендин сулуулугу бир керемет дейсиң, аны көргөн киши арманда калбайт

Мугалим мөмөлүү дарак. Октябрдын биринчи жекшембиси мугалимдер күнү. Бул кесипти аркалап, жаштардын келечеги үчүн кам көргөн мугалимдер бар болсун. Бул жоопкерчиликтүү кесипти аркалагандарга дем-күч берип жүргөн жарандарыбыз да жок эмес. Мындай демилгени колго алган мекендештер көп болсун.

Ак халатчандар… Мугалим коомдо агартуучулук менен алектенсе, дарыгерлер коомдун саламаттыгы үчүн кам көрүшөт. Өзгөчө жаш адистерди тарбиялап жетилтүү мамлекеттин бирден бир милдети. Бирок жаш дарыгерлер көңүл сыртында калып, аларга берилген убадалар аткарылбай жатканына алар нааразы

Гүлнур Сатылганова. Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова өзүнүн жеке турмушу тууралуу буга чейин айтылбай келген сырларын ачты. Ырдаса үнү, күлсө күлкүсүнө тойбогон ырчы эмне тууралуу кыялданып, эмнеге өкүнөрүн толук окуңуз.

Кар жаады, кар жаады. Каракол шаарында бир күн бою жааган жаан кечинде карга айланып, шаардыктардын жана шаардык кызматтын айласын алты кетирди. Суулуу кар бак-дарактардын бутактарына жармашып, аларды сындырды. Бирок шаар бийлиги күтүлбөй келген жаратылыш кубулушуна карата керектүү чараларды убагында алганын айтышты. Эмнеси болсо да эл эгин-тегинин жыйнап, картошкаларын казып алгандан кийин жааса экен.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.95 (сатып алуу) жана 68.10 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Мугалим мөмөлүү дарак. Сиздердин ат көтөргүс мээнетиңер акталып, окуткан окуучуларыңар менен сыймыктанып жүргүлө. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, атам менен апамды да бул майрамы менен куттуктайм, балаңар Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0