Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Баш мыйзамдын өгөй атасы ким?..

Жазылуу
Ошентип күздүн 28-таңы атты. Жылмайып аткан күн баарыбызды жылытсын.

— Таарынбаңыз эми…

— Мен силерге таарынгыдай төркүнүм белеңер… Кыраан каткырык жана дүркүрөгөн кол чабуулар.

— Сиз бойго жараша сөз бересизби?

— Анда менин боюм узун, мен сүйлөйм! Кайрадан кыраан каткырык жана дүркүрөгөн кол чабуулар.

— Элди ызы-чуу кылып коюп, тап берди. Конституциянын өз атасы эмес эле, өгөй атасы окшойт. Кыраан каткырык жана дүркүрөгөн кол чабуулар.

Кыргызстандагы Comedy Club күзгү сезонун баштады. Башкы каармандар баягы эле отко салсаң күйбөгөн, сууга салсаң чөкбөгөн, атагы Алайга, даңкы далайга жеткен депутаттар. Куудулдук өнөрдүн майын чыгарып, окемдер айтмакчы "между делом" мыйзам жаза калышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУчения отряда специального назначения "Омега" и сводного отряда ГСИН
Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Учения отряда специального назначения "Омега" и сводного отряда ГСИН

Баса, кечээ күнү "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов айткан куудулдар театры арыдан бери отуруп Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун жактырышты

Ал эми ага чейин болсо мас абалдагы айдоочуларды жазага тартуу демилгесин сунуштаган жайы бар. Маселе тууралуу кеңири бул жактан тааныша аласыздар.

Куудул демекчи, биздин дагы бир таланттуу жигитибиз "Азия Mix" командасынын атынан КВНге катышып жүргөн Эрмек Кененсаров кыздуу болду. Бешик боо бек болсун! Менимче, айрымдарга окшоп ЖКга барып талантын тартуулаганча, атасынын жолун жолдосо пайдалуураак болот го… Эң башкысы өмүрлүү болсун. 

Баса, кечээ Алмазбек Атамбаевдин эмне илдетке чалдыкканы тууралуу маалымат чыкты. 

Тилекке каршы, куудулдарыбыздын өнөрү табиятка өтпөйт көрүнөт, дем алыш күндөрү өлкө аймагында күн суук болуп, суу тоңорун Кыргызгидромет билдирди.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.12 (сатып алуу) жана 68.35 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Күлкү — ден соолуктун мүлкү. 

Күлө берип ич ооруса, ыйлай берип көз ооруйт. Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0