Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Баягы эле Атай. Эми Италияны шок кылыптыр

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдардын архивдик сүрөтү
Көчөдө бараткан адамдардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Буюрса, бул бурадарда жалаң жакшы кабарларды тизмектейбиз.

Кар менен аптап аралашып… Бүгүн аба ырайы борбор калаа Бишкекте күн 27 градус, ал эми Ошто 32 градуска көтөрүлөт. Синоптиктер анткен менен тоолуу аймактарга кар түшөрүн билдирди.

Баягы эле Атай. Таңды жагымдуу кабардан баштайлычы. Жакшылыктын эрте-кечи жок дешет. Баарына "күнөөлүү" баягы эле Атай Өмүрзаков (бул эми ич ысып кеткенде айтылган кеп). Италияга барып, калыстар тобу баштаган римдиктердин оозун ачырыптыр. Сөздүн түптүз маанисинде. Кааласаңыз, бул жерге бир баш баксаңыз болот

Бишкекте эки тонналык торт жасалды. Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң торттун ар бир кесими 25 сомдон сатылды. Андан түшкөн акча онкологиялык оорудан жабыркагандарды дарылоочу медициналык аппаратты алууга жумшалат дешти. 

Тузакка түшкөн айдоочулар. Шаардык милиция адам өлүмүнө алып келбөө үчүн айдоочуларды жол эрежесин сактап, этият болууга чакырып, Жол кайгуул милициясы Бишкекте рейд уюштурду.

ГЭС дегенде кейпи бузула түшкөн кошуналарга кулак кагыш. БУУда бул боюнча маселе көтөрүлдү. Биздин ТИМ башчысы Абдылдаев бир топ маселелерди эл аралык трибунадан туруп айтты. Тагыраагы, ГЭС салабыз дегенде эле кейпи бузула түшкөн кошуналарга бир пикирге келип, сууну топтоо, кармап туруу машакатын түшүндүрүү зарылдыгы туурасында кеп болду.

Качкын Кадыржын Батыровдун жан кашайткан билдирүүсү. Ошол эле БУУдагы сөздү улай. Кыргызстан "ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес" деген катуу билдирүүнү айтты. Анын КРдеги демократиялык баалуулуктарды, адам укугунун корголушун тээтиги жактан туруп алып сынга алып, сөөмөй кезеши көптөрдүн канын кызытып турган учур. Өзгөчө Азимжан Аскаров туурасында айтылган "нааразычылыгы" айласыздан, койго арачы болгон эчкини эске салат. 

Ау-уу, комбайнчы байкелер! Атактуу ырчы жигит Аскат Мусабеков быйылкы жаанчыл мезгилге, айылдагы буларыпа чыккан чөпкө кубанып турган чагы. "Чөп-чабырыңарды коромжу кылбай жакшылап жыйнап алсаңар экен. Тигил комбайн айдап, техника иштеткендерге чогулуп айткыла, тейлөөнүн баасын көп асмандата беришпесин", — деди айылга жазган катында.

Ишенсен-койсоң өзүң бил. Кечээ Кыргызстанда жакындары, санаалаштары Борбор Азия боюнча жүрөккө биринчи ирет операция жасаганга батынган атактуу Иса Ахунбаев абанын туулган күнүн белгиледи. Ишенер-ишенбесиңизди өзүңүз билиңиз, бирок жайлоодон өзүнө-өзү операция кылганы туурасында кептер айтылып келет. Бул адам жөнүндө дагы кандай кызыктуу фактыларды билгиңиз келсе, бул жерден окусаңыз болот

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.56 (сатып алуу) жана 68.69 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Суу ичкен кудугуңа түкүрбө

Иш аптаңыздарды ийгилик коштошун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0