Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чехтердин оозун ачырган кыргыздар жана алп ооз…

Жазылуу
Ураа, менин көптөн күткөн күнүм да келди. Бул эмнеге эле мынча маңдайы жарыла сүйүнүп жатат десеңер, бүгүн КЫРГЫЗ ТИЛИ күнү. Кыргызча амандашып, кыргызча саламдашалы. Арыбаңыз замандаш!

Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,

Кыргызмын дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп. Шайлообек Дүйшеев

Дуусу бүтпөгөн ажо. Атамбаев өзүн жаман сезип Түркиядагы мейманканалардын бирине жайгашты деген кабардан кийин ажонун айласын алты кетиришти. Айтайын дегеним түрдүү кептердин төркүнү түгөнбөйт. Элдин акчасын эңшербейин деп бардык чыгымын өз чөнтөгүнөн коротуп жатыптыр. Ишенбесеңер бул жактан окугула

Чехтердин оозу ачылды. Таланттуу бийчи Атай Өмүрзаковдун "Адем" бий тобу Кыргызстанды кайтадан дүйнөгө даңазалады. Балдардын талантына баа бериш керек. Буюрса, дүйнөнү бий менен багындырат окшойбуз.

Тилиңе тибиртке! Үнүң өчкүр, алагүү, алп ооз экенсиң. Ким эмне түшүндү? Эмне деп салган деп жатсаңар, бул жакты бир карагылачы. Келмеңер оозуңардан түшөт. 

Дүр-дүйнө дүкөн дүркүрөйт. Бишкектин чок ортосундагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү (ЦУМ) чоңоюп, өзгөчө стилдеги курулушка айланат. Ал кандай болуп кулпурарын бул жактан окуңуздар.

Кылкылдаган кытай кайтадан көбөйөт. Миллиарддаган калкы бар Кытай эки балалуу болууга уруксат берди. Балалуу болгон жакшы дечи, бирок… Бирок Кыргызстанга кедергиси тийбейт болду бекен?..

Акча мааниге ээ эмес? 21-сентябрдан баштап, онлайн-аукцион аркылуу сатылып баштаган өзгөчө номерлердин алды 282 миң сомго сатылды. Тобо-оо… Бул акчага бир чакан машина алса болчудай экен, ээ? 

Аракет кылсаң берекет. Айрымдарыбыз алты саныбыз аман туруп, иш таппай жатам, кыйналдым дейбиз. Мына бул жигитти карагылачы. Дудук болгонуна карабай кишилерди зуулдатып ташып жүрөт

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.56 (сатып алуу) жана 68.71 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бүгүн кыргыз тили күнү. Кыргыз тили мамлекеттик статус алганына быйыл 26 жылдын жүзү болуптур. Баарыңарды кыргызча сүйлөп, кыргызча саламдашууга чакырам. Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0