Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Өзбек кетип өз калдык…

Жазылуу
Жумуш күндүн башталышын жалаң гана ийгиликтер коштосун.

"Өзбек кетип өз калдык". Дээрлик бир айдан бери Үңкүр-Тоону "басып жаткан" өзбек чек арачылары 18-сентябрда аймактан чыгып кетти. Өзбекстандын милициясы 22-августта эки мамлекеттин чек арасындагы бул такталбаган аймакка суроо-сопкуту жок эле кирип келген. Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, андан кийин телефон аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды талкуулашкан эле. Жаңы жетекчи менен болгон мамиле буюрса жакшы жолго коюлуп, эки мамлекеттин чек ара маселеси чечилет деп үмүт артып туралы. 

Өзбекстанды башкарам дегендер төртөө. Өзбекстандын президенти демекчи, Ислам Каримов дүйнө салгандан бери бул мамлекетте саясий айдың кызып турган маалы. 4-декабрда боло турчу президенттик шайлоого азыр төрт киши талапкерлигин көрсөттү. Президент болом деген дымагы барлар 20-октябрга чейин каттоодон өтө алат.

Пираттыкка жол жок. Сапаттуу кино көрүп, ыр угам дегендердин издегени жерден табылып жатат. Себеби интеллектуалдык менчик деген түшүнүктү унутуп, башканын тарткан, жазган чыгармаларын аларга айтпай эле чуурутуп көбөйтүп, базарда дүңүнөн сатып жаткандар толтура. Мына ушундай өзүм билемдикке чекит коюу үчүн Кыргызпатент "Пираттыкка жол жок" акциясын өткөрүп жатат. Баарыңарды жамбаштап гана жатып, сапаттуу кино көрүп, музыка угууга чакырам.

Оскар алсак жаманбы. Кыргызстан эгемендигин алгандар бери кыбырап арабасын тартып келе жатат. Мамлекетти 25 жашка чыккан улан-кыздарга салыштырсак, бул куракта киши аркы-беркини түшүнүп калат эмеспи. Айтайын дегеним, Кыргызстандын режиссерлору да киноиндустриясында болуп жаткан өнүгүүдөн артта калбай, алдыга умтулуп келет. Буга чейин "Курманжан Датка" менен "Сүтак" "Оскарды" багындырууга далалат жасаса, бул жолу "Ата керээзи" тасмасы аталган сыйлыкты алам деп турган чагы. Эмне дейбиз, ийгилик болсун! 

Картондо уктаган бала. Социалдык тармактын колдонуучулары Оштогу Кара-Суу базарынын жанында жерге салынган картондо уктап жаткан кичинекей баланын сүрөтүн катуу талкуулап, ага президент Атамбаев дагы кайдыгер карабай керектүү тапшырмаларды берген эле. Төрт баласы менен талаада калган 35 жаштагы Зульфия аттуу келиндин паспорту да жок экен. Анын документтерин жасап беришкенден кийин ага жумуш таап берип, балдарын бала бакчага киргизебиз деп бийликтегилер сөз берди. Эки жолу турмушка чыгып, бирок бактысын таппаган аялдын тагдыры жакшы жакка бурулушун тилейбиз.

Бек Борбиев. Кыргыз эстрадасында өзүнүн салмактуу орду бар Бек Борбиевди кимдер гана тааныбайт. Ал Кыргызстанда жашаган Эркинай, Жамиля, Асел, Сауле, Айзада деген кыздарга ыр арнаганын баарыбыз эле билсек керек. Кыргызстанга эмгек сиңирген артисттин дагы кандай катылып жаткан сырлары бар деп кызыккандар көп болсо керек. Анда ырчынын ыппысык маегин бул жактан окуңуз

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.85 (сатып алуу) жана 68.06 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү доллардын наркы бир калыпта болбой чайпалганы байкалууда.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Алдыга койгон максаттардын ашышы үчүн бүгүнтөн баштап аракет кылалы деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0