Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жиндүйнө: Атамбаевдин үйү. Чөө. Эшек сүтү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги автоунаалар. Архив
Бишкектеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман күн, кыргызстандыктар! Жума күнүңүздөр ийгиликтүү улансын!

Ажонун артынан сөз ээрчип… Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев улутташтырылбай калган Кой-Таштагы Бакиевдердин жерине үй куруп жатканын маалымат жыйында айтты. 

"Кой-Таш айылындагы Ширшов, Үсөнов жана Бакиевдерге таандык болгон жер көз жаздымда калган. Азыркы бийликтегилер аны эч ким билбей калат деген окшойт" деди саясатчы.

Дээри менен талоонго калып, бир жагынан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кесиптеши Текебаев президентти бир тараптуу каралады, ал үлүш жер болчу деп жар салса, дагы бир жагынан "айтканы үчүн жооп берет" таризинде КР президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов сес көрсөттү

Чөөлөр өлүктөрдү казып… Оштун Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылында чөөлөр мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөктөрүн жеп жаткандыгын жергиликтүү элдин үрөйүн учурууда. Эл кечкисин сыртка чыга албай, ал эми балдарды мектепке жибергенден чочулап жатабыз дешти

Конокторду боз үйдө тособуз. Кыргызстанда бүгүн күнү КМШ мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт. Ал эми жогорку даражалуу коноктор тигилген эмес, салынган боз үйдө тосулат

Бүгүн күндүн көзү ачык болуп, өлкө аймагында жылуулук 30 градуска чейин жетет. Алтын күн бул жылдын эсебинен өзүнүн акыркы жылуу илебин чачып жаткан учуру

"Түндүктөн түшкөн редактор" же саясатта орду жоктолгон Эшимканов. Тирүү болгондо бул адам 54 жашка чыкмак экен… Аны шакирттерди, достору эскеришти

Сүйүнчү! Рио Олимпиадасында спортчубуз коло медалга ээ болуп, Кыргызстан элин тебетейин көккө ыргыткан учурлар эсиңиздеби. Ошол Иззат Артыков кырк жылкылуу болду. Бешик боо бек болсун! Бөбөк аман-эсен чоңойсун! 

Ой, тобоо… Сузакта таксиге түшүүдөн эринип унааны айдай качкан кыз кармалды. Mercedes Benz унаасын тазалап, май куюп алып, өзүнүн менчик унаасында жүргөндөй айдап жүрө берген. Жаш дейин десең, 24кө чыгып эс-акылына кирип деле калыптыр… Таңгалычтуу. 

Ит – жоокердин көзү, кулагы жана жан жолдошу. ШКУ машыгуусунун сүрөттөрү. Беш мамлекеттик атайын даярдыктагы аскерлеринин согуштук даярдыгын баяндаган ирмемдер.

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенные учения стран ШОС "Мирная миссия" в Балыкчи
Военные учения стран ШОС Мирная миссия в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Военные учения стран ШОС "Мирная миссия" в Балыкчи

Ааламда. Эшектин сүтү пайдалуу деп италиялыктар саап жатышат. Алар бул айбандын сүтү майыптарды жана карыяларды дарылоодо миңдин бири экенин айтышууда.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.74 (сатып алуу) жана 68.90 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп бараткан эле, бүгүн бир аз болсо да түшкөндөй болуптур.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин! 

Алдыдагы эки күндүк эс алуу ойдогудай өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0