Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Саммитте Атамбаев кесиптештерине ырдап береби?

Жазылуу
Кутман күн кыргызстандыктар! Бүгүн күнгө бейшемби.

Ах, Аскар Акаевич… Бурадардын хроникасын адегенде эле ал кишиден баштайт окшойбуз. Биздин туңгуч президент Өзбекстандын жакынкы 10 жылдагы келечеги туурасында жакшы божомолун бериптир. Ислам Каримов туруктуу саясий система кура алганын, бийлик жаңы жетекчиге тынч өтөрүн жана өлкөдө 5-10 жыл туруктуулук өкүм сүрөт деп айтыптыр. Ылайым, ошондой болсун! Бизди катар-катар ыңкылаптардын капшабына калтырбай, неге ошондой система түзүп кетпедиңиз экен, Аскар Акаевич… 

Алтын күз. Башбактап кирип келген күздүн Бишкек шаарындагы сүртүмдөрү төмөндө.

© Sputnik / Табылды КадырбековОсенняя погода в Бишкеке
Осенняя погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Осенняя погода в Бишкеке

Эл эми зерикпейт. Кечээ депутаттар эс алууларынан кийин пленардык жыйынга чогулуп, саясатташкан кыргыз коому зерикпей жыргап эле калды. Тармактык комитетке жетекчи шайлоодо пикир келишпөөчүлүктөр жаралып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, дагы бир катар маселелер боюнча аксакалынан жашына чейин агынан жарылышты.

"Чурулдатып депутаттарды автобус менен алып барышты". Кечээки жыйында депутаттар өкмөткө өктөм үн катып, ыза болуп калган учурларын айтышты. Эл өкүлү Кожобек Рыспаевдин айткандары социалдык тармакта ар кыл талкууларды жаратты. Алар "чайпалып автобус менен жетиптир, ал эми Көчмөндөр оюндарынын ачылышында автобус эмес, көңүл борборунан чыгып калыптыр го" деп жазышты. 

Эттин наркы асмандабасын! Ошто эттин баасын 280 сомдон өйдө көтөргөндөргө чара көрүлмөй болду. "Эр болсо, эми касапчылар кызыл кулактык кылып көрсүн" дешти. Туура. Өзүбүз эт жандуу эл болсок… 

Кыргыз телеканалдары көп учурда тилден калып… Маалыматтык коопсуздук деген маселе кылтыйып турганы турган. Бул боюнча кезектеги коңгуроону баткендик тургундар кагып жатышат. "Балдарыбыздын тили таптакыр өзбектешип, тажиктешип бара жатат. Айланайын бийлик, жок дегенде чек арага жакын аймактарда Кыргызстандын телеканалдарын жакшылап тарттырып берсеңер боло" дешти. 

Атамбаев президенттерге ырдап береби? Эки күндөн кийин Бишкекте КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт. КР президентинин аппаратынан "17-сентябрда президенттердин бейрасмий жолугушуусу өткөрүлгөндөн кийин сюрприз катары бир иш-чара күтүп турат" дешти. Кызыктырып коюшту, айтор. Ал күнү биздин ажо Алмаз Атамбаевдин туулган күнү эмеспи… Балким, ал кесиптештерине гитаранын коштоосунда обон созуп, "живьем" ырдап берет… ишигылып ал сюрпризге кулак түрүп туралычы… Анткен менен коомчулук эми кыргыз тилиндеги ырларын күтүп жаткандыгын айтышууда. 

Ааламда. Президенттер демекчи, Түркмөнстанда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылып, 70 жашка чейин болушу керек деген чек да алып салынды. Аларда да мамлекет башчысын шайлоо 2017-жылы болот.

Стивен Сигал москвалык болууга камданып жатыптыр. Америкалык актер жана продюсер Стивен Сигал жакынкы күндөрү Россиянын жарандыгын алышы мүмкүн. "Россиянын жарандыгын алчу күн дагы алыс эмес. Ал эми Сахалинде бизнес кылууга жакшы шарттар бар. Мындан сырткары, Японияга чектеш жайгашканы да ыңгайлуу", — дептир.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.58 (сатып алуу) жана 68.85 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп бараткан эле, бүгүн бир аз болсо да түшкөндөй болуптур.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.

Иш күнүңүздөрдүн ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0