Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аш көп болсо… кымбат номурлуу унаалар учат бекен

Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Түндөн түгөл чыктык. Бүгүн күнгө шаршемби.

Паралимпиада оюндарына биздин жигит чыгат. Бүгүн Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык Жыргалбек Орозбаев пауэрлифтинг боюнча күч сынашат. Ийгилик деп туралы жигитибизге. 

Жамгыр менен кар келе жатат. Бүгүн Бишкекте күн ачык болгону бир катар аймактарда жамгыр жаап, тоолорго түшөт деп билдирди синоптиктер. Ошентип ууру мышыкча билинбей күз да келип, күн акырындап сууктап барат. 

© AP Photo / Channi AnandИндийские школьники в открытой школе
Индийские школьники в открытой школе - Sputnik Кыргызстан
Индийские школьники в открытой школе

Жаркыраган мектептердин баркын билсек. Чын айтсам, бул сүрөттөрдү сабакка баруудан эринген балдарга көрсөтүп койсок, ашыктык кылчудай эмес. Бардык чындык салыштырмалуу деген кеп бар эмеспи… 

Баш мыйзам буйлаланган төө эмес. Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин кош колдоп колдогондор, ага каршы болгондор да чыгууда. Бул боюнча коомдук талкуу бүтүп калыптыр, эми ал парламенттин кароосуна жөнөтүлгөнү турат. Муну укканда чалкасынан кеткендер да жок эмес. Анткен менен ары-бери чүргөй салган жокпузбу деген ой да кылт этет.

Аш көп болсо, каада көп. Мамлекеттик өзгөчө номерлер 19-сентябрдан тарта сатылат. Маселен, 101ААА, 077ААА дагы ушундай. Баасы 5 миң сомдун тегерегинде деп билдирди Мамкаттоо кызматы. Жөнөкөй номур таксам, автоунаам жүрбөй калабы… Айтор, аш көп болсо каада көп …

Быйыл төө буурчак баасы жаман эмес. Талас облусунда фасоль баасы былтыркыга салыштырмалуу кыйла жогорулап, быйыл 40-48 сомдон болууда. Дыйкандардын бир катары азырынча кампада кармап туруп, кийин соодалай турганын айтышууда. Эмнеси болсо, төккөн маңдай тердин акыбетин алсаңыздар болду. 

Ефрейтордун өлүмү… Ош шаарындагы аскер бөлүктөрдүн биринде каза болгон ефрейтордун өлүмүнө шектелген жоокер 2 айга камакка алынды. Маркумдун жакындары аны бир нече киши урган экен деп чырылдаса, расмий тарап "андай эмес" деди. Мындай кырсыктуу окуя мындан ары кайталанбаса дейсиң…

Экс-министр Турганбаев килемге чыгат. Айтмакчы, мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев Польшада боло турган ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта өлкөнүн намысын коргоп, килемге чыгат.

Ынсаптуу, ток пейил бишкектиктер. Отурган жерине унутуп кеткен кишинин телефон аппаратын кымтып албай, шаар тургундарынын көбү ынсаптуу экенинин көрсөтүштү.  Бул туурасында тартылган биздин социалдык экспериментке көз салсаңыз болот. 

Ааламда. Ажолордун кыздары саясаттын астанасын аттап… Дарига Назарбаева Казакстан парламенти Сенаттын (жогорку палата) депутаты болуп дайындалды. Буга чейин Дарига Назарбаева Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары болуп келген.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.86 (сатып алуу) жана 69.02 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.

Иш күнүңүздөрдүн ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0