Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын эмес!

Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө шейшемби. Иш жумаңыздардын ийгиликтүү башталышын каалайбыз.

Медиа рынокто жаңылык. Эми өлкөдө болуп жаткан окуялардан күнү-түнү кабардар болуп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет 24 саат бою жаңылык берген "Ала-Тоо 24" каналы иштей баштады.

Жаштар арбын келип жатат дешти. Кечээ Кыргызстандагы мусулмандар Курман айтты белгилеп, майрамдык намаздар дээрлик бардык аймактарда окулду. Эң көп адам чогулган аймак – Бишкек жана Ош шаарлары болду. Аймактагы кабарчылар намаздарга активдүү келгендердин курагы 12-30 жаштын тегерегинде болуп жаткандыгын айтышты. 

Бишкектеги Эски аянтта эл көп келди. Айт намазга калаа тургундары менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлер катышты. Ал эми айт намаз боюнча сүрөт баянды бул жерден көрсөңүз болот

Президент Алмазбек Атамбаев Арашанда намазга жыгылды. Андан соң кичинекей балдар менен жолукту.

Ич жылыткан иштер. Ошто 10го чукул таксисттер айттын урматына шаардыктарды бекер ташууну чечкен. 

Америкадагы кыргыздар Москвада каза болгон кандаштарыбызга куран окутту. АКШнын Филадельфия шаарындагы кыргыз жамааты август айынын аягында Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндерди эскерип, эстешти.

Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын эмес! Күрдөөлдү күз келип, аш-тойдон кол бошобой турган чак. Тойго барар алдында берилген кеп-кеңештен кабардар болуп алыңыз. Кереги тиет.

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека
Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека

Ааламда. Дүйнөдөгүлөрдүн бир даары акылынан адашып барткандай. Кенияда үч аял чогулуп, бири полициянын имаратына колго жасалган бомба ыргытса, экинчиси формачандарга бычак уруптур.

Сактансаң сактайм. Таиландда Зика вирусу тездик менен тарап жатканына карабастан Саламаттык сактоо министрлиги элди ызы-чууга түшпөөгө чакырды.

Жан кечтилердин аягы сууп бара жатат. ЦРУ башчысы "Ислам мамлекетине" кошулгандар азаюуда деген маалыматты айтты. Ылайым, ошондой болсун.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.79 (сатып алуу) жана 69.02 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Уста менен дос болсоң ар кескенин аласың, ууру менен дос болсоң бир балаага каласың.

Иш күнүңүздөрдүн ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0