Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көчмөндөр күүсү, ат алдында калган улакчы

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарынын жабылышы. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарынын жабылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, мекендеш. Бүгүн күнгө жума. Алдыда эки күндүк эс алуу

Ошентип той болду, тойдун эртеси болду. Кечээ Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарын жыйынтыктады. 62 өлкөдөн келген спортчулар, чымыр денелүү жигиттер, шамдагай кыздар спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.

Бизде баары бир көчмөндүн каны ойноп тургандыктанбы, элдин, көптөрдүн эсинде ат оюндары калды. 

79 медаль. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде Кыргызстан 79 медаль алып, биринчи орунга чыкты

Өлөр-тирилерине карабаган оюнчулар. Ал эми айтылуу көк бөрүдө кыргызстандык улакчылар казакстандыктарды 15:3 эсебинде утуп кетти. Оюн көрүп турган чет элдик эмес, жергиликтүү кишини да чочулатчудай маанайда өттү. Анан эмей, ооздугун чайнап, ак көбүк болгон аттар, камчыны кырча тиштеп, өлөр-тирилерине карабаган улакчылар. Албетте, түшүнгөн кишиге, кумарына баткандарга өзүнчө бир майрам болду. Айтор, көргөн да, көрбөгөн да арманда. 

Асмандаган улак, кырча тиштелген эриндер, жандан кечкен эрендер. Ал эми казактар менен кыргыздардын намыс талашкан ирмемдерине бул жерден көз салсаңыз болот

Жарадар болгон улакчы. Оюн башталар менен Казакстандын курама командасынын 31 жаштагы оюнчусу Абу Абдыжапаровго аттын туягы тийип, баш сөөгү жана моюн омурткасы жаракат алды. 

Мекендештерибиз бошотулду. Оюн оюн менен бирок, дагы бир жакшы кабар Үңкүр-Тоодон өзбек милициясы кармап кеткен КРдин төрт жараны бошотулду.

Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок, ошентип Ислам Каримовдун доору да өттү. Өзбекстан президентинин милдетин премьер Мирзиеев аткарып турмай болду. Кызык болот экенсин, Өзбекстан деп жазып келе жатып, президенттин ысымы катары Шавкат Мирзиеев деп тергенде колдор да көнбөгөндөй маанай… Эсте баары бир Ислам Каримов калган да…

Учактын жүргүнчүсү: стюардессалар ыйлап, биз Кудайга жалынып… Абада кырсыктаган учактагылардын ичиндегилер ошол ирмемде эмне сезди болду экен… Бул жерден окуңуз… 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.08 (сатып алуу) жана 69.29 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жамандыкты амандык жеңет. 

Жума жана эс алуу күндөрдүн жакшы өтүшүн каалап, Нургүл Максутова 

Жаңылыктар түрмөгү
0