Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Каримовдун абалы начарлады деген кеп тарады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы университет. Архив
Жусуп Баласагын атындагы университет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө жума.

Таң эртеңден тарта Бишкектин көчөлөрүнөн жанып-өчкөн жарыгы бар Кайгуул милициясынын коштоосунда каз-катар тизилген автобустар Көчмөндөр оюнуна сапар алды. Миллиондогон сомдорду чапчыган каражат жумшалган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өтүп кетишин тилеп туралы. 

50 дарыгер жана 300 куткаруучу көчмөндөргө байкоо салып турат. Сырттан миңдеген коноктор келет, жоопкерчилик оор. Андыктан, борбордон 50 кызматкер жана 300 куткаруучунун мойнуна олуттуу милдет жүктөлүп, Көлгө кылаасына жиберилди

Ал эми бүгүн таң менен атайы Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандагы "Манас" аба майданына атактуу Стиван Сигал келип конду

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан
Визит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Визит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан

Эс алууга уланган эс алуу. Көчмөндөр демекчи, бул оюнга деп түп көтөрүлө депутаттар да кетмей болду. Алардын эс алуусу эми 12-сентябрга чейин узарды. Ошентип эс алуу артынан эс алуу. Айтмакчы, кечээ социалдык тармактын бир колдонуучусу "Мандат турса колуңда, каалаганың жолуңда" деген сатиралык ыр саптарын жазыптыр… 

Жетелеме парламент. Баса, парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери кечээ парламенттин дарегине бир топ сөздөрдү айтты. "Парламенттин деңгээли мынча түшүп кеткен эмес, жетелеме болуп баратабыз!" — деди Өмүрбек Чиркешович. 

Жогорку Кеңеште койлор отурган жок! Мындай пикирди "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Конституцияны өзгөртүү боюнча пикирин айтып жатып билдирди

Ак бантик жана жайнаган көздөр. Кыргызстан боюнча кечээ 114 миңден ашык балдар-кыздар биринчи класстын босогосун аттады.

Адегенде эле башталган эки митинг. Сентябрдын келиши менен "биссимилда" дегенде эле Ак үйдүн алдында эки митинг болду. Бирөө Азиздер коомунун мүчөлөрү, экинчиси жеке менчикти тартып алууга каршы болгондор экен…

Кыздарды өрттөн алып чыккан Москвадагы орус жигити. Аны ысымы — Юрий Лугвин. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул баатыр жигитти таап, окуянын кандай болгонун айтып берүүсүн суранды

Дүйнө жакшы адамдардан кур эмес. Москва шаарындагы өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына жардам берүү үчүн каражат чогултуу башталды.

Ааламда. Кечээ кечинде Өзбек президенти Ислам Каримов дарылануу үчүн Москвага учуп келди деген кабарды Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков четке какты.

Ал эми таң атпай Өзбекстандын өкмөтү Ислам Каримовдун абалы оорлоп кеткенин билдирди. Ошентип, бүт дүйнө чейрек кылым Өзбекстанды титиретип башкарып турган бул адамдын абалына кулак түрүп турат. 

Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба. Индиялык эркин күрөш боюнча балбан Йогешвар Датт каза болгон орусиялык спортчу Бесик Кудуховдун күмүш медалын алуудан баш тартты. Туура кылыптыр, Йогешвар Датт. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.08 (сатып алуу) жана 69.29 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Айдын жарымы — жарык, жарымы — караңгы.

Жума жана эс алуу күндөрдүн жакшы өтүшүн каалап, Нургүл Максутова 

Жаңылыктар түрмөгү
0