Амансызбы, бурадар? Саат 10:15. Өзбек президенти Каримовдун амандыгын тилеп туралы…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн шейшемби, жайдын акыркы күндөрүн узатып жатабыз. Акыркы демекчи, көңүлдөн кетпей турган окуя - Москвадан өлүп келген чырактай кыз-келиндерибиз акыркы сапарга узатыла турган күн.

Акыркы рейс, акыркы сапар. Түндө алардын сөөгүн атайын учак мекенине алып келди. Учак алгач Оштогу аба майданга, анан Бишкекке конду. Ошентип, бир өмүрлөр өттү, бир өмүрлөр өчтү… Жаткан жериңер жайлуу болсун, кайран кыздар. Миңдеген чакырымга көп ой-тилектер, максаттар менен аттанган жандар, ошентип эки метрлик табыт менен келди. Эмне демекчибиз, жакындарыңарга сабыр тилейбиз… 

Ислам Каримовдун өлүмүн баары күтүп турганбы… Бүгүнкү темабызды окуган кишилердин арбыны чалкасынын кетип же мен тарапты сөөмөйү менен мээсин чукуп көрсөтүшү мүмкүн. Тилдеши да мүмкүн. Ооба, чек ара суроолору курчуп, Үңкүр-Тоо маселесинде атуул катары Өзбекстан тарапты көздүн төбөсүн карап турабыз. Анткен менен кененирээк алсак, ал кишинин амандыгы — ар кошкон улуттар менен радикалдашкандары жана башкалары аралашкан өлкөдө темирдей тартипти кармашы маанилүү, абдан маанилүү… Бул жерде коопсуздук, чек ара, радикалдашуу, стабилдүүлүк айтор, арбын маселелер кылтыйып чыгып турганы турган… 

Президенттик аппарат аны аман деди. Сайттардын бири өздүк булактарына таянып, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйнө салды деп жазган. Өзбекстан президентинин аппараты бул маалыматты четке какты.

Деги, туу түшкөндөн алыс кылсынчы… Илгери катуудан казаны, жумшактан күлү калганда, эл башына мүшкүл түшкөндө тууну түшүрүшкөн. Бул сапар өрттө калган жаркылдаган кыз-келиндерден, жол кырсыгына кабылып каза тапкан кайгыдан улам, өлкө аза күтүп, тууну түшүрдү. Жаткан жериңер жайлуу болсун, мекендештер. 

Нурлан Мотуев жети жылга эркинен ажыратылды. "Көмүр королу" атыккан бул адамга Кылмыш кодексинин эки беренеси — террористтик ишмердүүлүккө чакыруу жана диний келишпестикти козутуу күнөөсү коюлду

Бычакташкан милиционерлер. Бишкекте Биринчи Май райондук күзөт кызматынын кызматкерлери бычакташа кетип, бири ооруканага жатса, экинчиси камакка алынганын ИИМ билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве

Борбордук дүкөн жакка бир баш багып коюңуз. Бишкектин борборундагы "Айчүрөк" ири соода борборунда оңдоп-түзөө иштеринен кийин фонтан кайрадан иштей баштады

Ааламда. Көлөкө үчүн акча төлөгөн заман келе жатабы? Жолдорго коюлган көзөмөл видео камерасы москвалык айдоочунун автоунаасынын көлөкөсү кесип өтүүгө болбойт деген кош сызыкка түшүп калганын тартып калган. Анан эмне болуптур дебейсизби? Көлөкөсүнөбү, көмүскөсүнөбү, айтор, айдоочуга "айып пул төлө" деген кагаз келиптир… Бизге да мындай камераны коюп баштабадыбы, эми алар биздин айдоочулардын шорун катырбаса болду… 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.87 (сатып алуу) жана 69.03 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Коңшуң тынч болсо, жаның тынч 

Бейпилдик жана амандык тилеп, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0