Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мира эженин таттуу алмасы жана Айиданын тибирткеси

© Sputnik / Табылды КадырбековГорожане на одном из аллей Бишкека. Архивное фото
Горожане на одном из аллей Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптанын акыркы иши күнү башталды. Жөн башталган жок, Мира эженин таттуу алмасы менен башталды. Баса, Мира эже, чоң рахмат.

Дүңгүрөткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Буюрса мартабабыз артып, көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1000 спортчу катышмай болду. Эл аралык иш-чара элдин эсинде калып, Кыргызстандын аброюн көтөрөт деп үмүт кылалы. 

Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан маалда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы кыймылга чектөө киргизилет экен. Кайгуул милициясы жергиликтүү калкты киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен карап, ал эми айдоочуларга сапарга күңгөй тарап, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол каттамы аркылуу чыгууну сунуштайт. 

Ал арада атайы Көчмөндөр оюндары үчүн Түркмөнстандан кечээ ахалтекин аргымактарын алып келишти. Жылкылардын көркөмү эми укмуш, бир көз чаптырып коюңуз.

Ага чейин буюрса эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө да кызуу өтөөрү талашсыз. Бишкек эмес, Москванын өзүндө ырчылар чаң чыгара бийлеп, улуттук ырларды ырдайбыз деп камынып турат. Белгилей кетчү жагдай, москвалыктар майрамды 31-август эмес, 27-август күнү белгилешет экен. 

Борбор калаада болсо 1500дөн ашык аскер кызматкери менен 80 даана аскер техникасы чыгарылат. Мындан тышкары, шаар менен Ала-Тоо аянтынын үстүнөн аскер учактары учуп өтөт. Албетте, анын баарын үйдө отуруп алып эле, Sputnik Кыргызстан агенттигинен көрсөңүз болот. Буюрса түз алып берүүгө ниеттенип жатабыз. 

Эгемендүүлүк майрамы демекчи, кыргыз тилин да унутпайлы. Анткени кесиптешибиз Айида Батырбекова кезектеги тибирткесин чыгарды. Бул жолу фразеологизмдерди үйрөнөбүз. Эрди эрдине жукпаган, эки колу бир оозуна түтпөйт, эки бутун бир кончуна сыйдырды…мунун баары бул жакта. 

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен жеринде Эңилчек деген шаар бар экенин билчү белеңиз. СССР убагында атайы кен казуучулар үчүн курулуп, бир топ эле бай шаарга айланмак экен. Эми болгону 30 үй-бүлө түтүн булатып, тиричилигин өткөрүп жатыптыр…

Тойлор тойго улансын. Күркүрөгөн күздүн келиши менен жакшылыктар жанаша болоору талашсыз. Бир тизмекке тизе турган болсок, эгемендүүлүк майрамы, анан эле Көчмөндөр, көп өтпөй КМШ президенттерин коноктойбуз. Ал эми жай тургундар арасында күндө майрам, күндө той. Анткен менен тойдогу салттарды баарыбыз эле биле бербейбиз. Мен жазымыш эткен тойдогу салттар тууралуу колумнистиканы бул жерден окуп коюуз.

Буюрса бүгүн Кыргызстанда күн ачык болуп, Бишкек шаарында абанын температурасы 30…32 градус жылуу болсо, Ошто 32…34 градус жылуу болуусу күтүлөт

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.70 (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Сабырдын түбү сары алтын.

Иштеген эс алганды билет. Алдыдагы эс алуу күнүңүздөр ойдогудай өтсүн. Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0