Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чыры бүтпөгөн чек ара

Жазылуу
Бүгүн күнгө шейшемби. Шашпай бат-бат басып, жумушуңузду бүтүрө бериңиз.

Чыры бүтпөгөн чек ара. Өзбек туугандарыбыз бир нерсе болсо чек арага кире калып коркутмайды адатка айландырды өңдөнөт. Болгондо да Аксынын борбору Кербен шаарынын так өзүндөгү Үңкүр-Тоого тик учак менен конуптур. Азыр эми догурунуп отурат

Эмне келдиң десе, буга чейин биздин чек арага тапанчасы менен кирип кеткен өзбек милиция кызматкерин кайра бергиле дептир. Күтө туралы…

Кеп нугу Олимпиадада. Калың журттун катарында кабыргасы кыйышып гана кала берген жалгыз мен эмесмин. Кошуналар үстөккө-босток алтын алып жатканда ичиң туз куйгандай эле ачышат экен. Эмне үчүн биздин олимпиадачылар жайдак келгендигин бул жактан окуп, бир аз демди басалы.

Үмүт шамы жанганда. Иззат Артыковду медалдан айрыган Спорттук арбитраждык сот ак болсоңор далилдегиле деген жакшы кабар жөнөттү. Буюрса "биз тазабыз" дегендер, кана эмесе, далилдеп көргүлөчү. Жеке менин оюмда бул "жылуу сүйлөшүүгө жол ачылды" деген белги өңдөнөт. Жанарбек Кенжеевге деле лицензиясын кайра кайрып берген жайы бар. Андыктан үмүт кылып туралы. 

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЦеремония закрытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро
Церемония закрытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Церемония закрытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро

Буюрса кийинки Олимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Кезектеги эстафетаны кабыл алуу үчүн япон өкмөт башчысы Риодогу жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземине Марионун образында келди

Селдин кесепетинен Самаркандектин эли суусуз калды. Мындан бир нече күн мурда болгон селдин кесепетинен суу түтүктөрү талкаланып, Самаркандек айылында эл бир жумадан бери суусуз отурат

Бүгүн өлкө аймагында күн күркүрөп, жаан себелейт. Бишкекте күндүз бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 26…28 градус жылуу болот.

Ал эми бүгүн, өлкөдө өткүн өтүп, күн 30 градуска чейин жылыйт. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.46 (сатып алуу) жана 68.65 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам. 

Алтын баш аман болсунчу деги… Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0