Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Алакандай кыргызды бир билекке бириктирген Айсулуу

Жазылуу
Эх… бүгүн да медалсыз таң атты. Анткен менен Айсулуу биз үчүн чемпион!

Алтынга бир кадам. Көптөн бери көр тириликтин арты менен өз көмөчүнө күл тартып калган кыргыздар бир сапка тизилдик. Үнүбүз бүткөнчө "Айсулуу, алга!!!" деп кыйкырып турдук. Айсулуу да үмүт шамын жакшы эле жандырып жатты… Анан эле тагдыр ташы аркы жакка ооп, биздин кыз байгесиз калды

© REUTERS / TORU HANAIКыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясыгда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана индиялык Сакши Малик
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясыгда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана индиялык Сакши Малик

Кара күчкө салган кара тору кыз. Кыргыз кызы күч сынашууну ийгиликтүү баштап, биринчи эле кармашында атаандашын кайрып салды. Кийинки беттешинде дүйнөнүн вице-чемпионун 14:7 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.  Анан эле кара булут каптап балбан кыз катары менен эки ирет жеңилип, 5-орунду ээледи… 

Көчмөндөр оюнуна атактуу актер Стивен Сигал келмей болду. Кино жаатында дүйнөлүк атактуулукка жеткен актёр, кинопродюсер, сценарист, кинорежиссёр, музыкант жана күрөш чебери Стивен Фредерик Сигал буюрса кыргыздарга күйөрмандык кылат деп туралы. Сигалдан сырткары президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов дагы келет экен.  

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Бишкектеги Ала-Тоо аянты өзгөчө көрккө бөлөнөт. "Бишкексвет" ишканасы 62 даана жарык лампаларын орнотсо, "Зеленстрой" ишканасы тарабынан 9 миң 486 чарчы метри жашылдандырылып, 60 чарчы метрге гүл тигилет. 

Мигранттардын укугу корголот. Россиянын акыйкатчысы кыргыз мигранттарынын укугун коргой тургандыгын билдирди.  Эгерде укугуңуз бузулса, дароо эле Россиянын Акыйкатчы институтуна кайрылыңыз. Маскалькова өзү кабыл алмай болду. 

© Фото / Адил РашидовЭстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм
Кыргызские этно-одежды и аксессуары для девушек - Sputnik Кыргызстан
Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм

Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм. Акыркы 10 жылдын аралыгында кыргызстандык дизайнер-модельерлер кайрадан этностилге, улуттук кийимдерге басым жасап келишет. Бул калк кайрадан этномаданиятка кайрылганынан кабар берет.

Шашылыш билдирүү: катуу жааган жаандан улам сел жүрөт

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.52 (сатып алуу) жана 68.67 (сатуу) сомду түздү

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Саясатка баргандан көрө спортко барган артык. 

Айсулуудай алтын кызды жарык дүйнөгө алып келген ата-энесине таазим этип, Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0