Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Айланайын, Айсулуу, бирдеме кыла көр

Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө шаршемби. Иш күнүңүздөр ийгиликтүү болсун.

Айланайын, Айсулуу, үмүт сенде. Бүгүн ийгилик жылмайган күн болсо деп баарыбыз тилек кылып турабыз. Көңүлдө — Олимпиада, кыялда —  медаль. Бүгүн Рио шаарында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова намыс талашып, бразилиялык Жойс Сильва менен күрөшөт. Бирдеме кыла көр, Айсулуу.

Аман барып, эсен келгиле. Ажыга бара турган зыяратчылардын биринчи тобу 17-августка караган таңда, саат төрттө Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан Сауд Аравиясына учуп кетти.

Аталык милдетин аткарып, анан Меккеге аттанган аксакал. Быйылкы ажыга сапар алган зыяратчылардын эң улуу аксакалдарынын бири — 86 жаштагы Каюм Юлдашев ата менен маектештик. Аксакал  "балдарымды бутуна тургузуп, анан жаш кезимде кыялданган ажылыкка аттанганы турам", — деди. Ата-энеге чексиз ыраазычылыктар. 

Ак Мөөр сулуунун мекени. Соң-Көл Кыргызстандагы керемет жерлердин бири, атактуу Ак Мөөр сулуунун мекени, тоолор арасында көздүн кареги сымал жайгашкан Соң-Көлгө бардыңыз беле? Барбасаңыз бул жерден көрүп бир тамшанып алыңыз, эгерде көрүп келген болсоңуз кайрадан бир суктанып койсоңуз болот… Бул биздин Ажайып Кыргызстан

Ылайга чыланган "Рух Ордо". Нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборун ылайланган, кыяндуу суу каптады. Көргөн кишинин көңүлү ооруйт. Жакшынакай жерди калыбына келтирип жашылдандырып чыгууга канча күч керек эми… 

Ак таңдай 12 акын Кырчында казактар менен кырчылдашат. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата өтө турган айтышта 11 эркек жана бир акын кыз кыргыздардын намысын коргой турган болду. Алардын арасында жаңы ысымдар, и баса, Изат Айдаркулова аттуу кыз бар

Көчмөндөр оюнуна билеттер эртеңден тарта сатыла баштайт. Көчмөндөр оюну демекчи, ага билеттер эртеңден башта сатыла баштайт. Эгер барам десеңиз, паспортуңузду белендеп алып, бул жердеги маалыматка бир көз чаптырып билип алсаңыз болот

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.61 (сатып алуу) жана 68.78 (сатуу) сомду түздү

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Үмүтсүз — шайтан

Жаңылыктар түрмөгү
0