Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Оомат ташы оой элек Олимпиада...

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы жер там. Архив
Бишкек шаарындагы жер там. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы апта, жаңы күн жакшылык менен коштолсун.

Рио-2016: ийгилик ташы оой элек Олимпиада. Риодогу Олимпиада башталганына үч күн болгону менен биздин спортчулар ийгиликке жете элек. Төрт спортчубуз жарыштан четтетилди. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 19 спортчу аттанган. Алардын ичинен дзюдо боюнча Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу, оор атлетика боюнча Жаныл Окоева жана сууда сүзүүчү Дарья Талановалар жарыштан четтетилди. Үмүтсүз шайтан дейт, дагы 15 спортчубуз бар, Кудай деп туруп туралы…

Бишкек, тосуп ал мен баратам! Россиянын президенти Владимир Путин Бишкек шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитине катышмай болду. Буюрса, күнөстүү Кыргызстаныбызга бир гана Путин эмес, КМШ президенттеринин баары келиши күтүлүүдө. 

Алты кылымдан бери мөмө берген өрүк. Зардалы айылынын аксакалы Ысак Раимбердиев 600 жыл болуп калды деген өрүк багы тууралуу айтып берди. Видеону бул жактан көрсөңүз болот

Чуркайм дегендерди марафонго чакырабыз. Үркүндүн 100 жылдыгына карата 27-августта жүз чакырымдык эстафеталык марафон уюштуруларын Трейл Ранинг федерациясынан билдиришти. 100 чакырым аралыкты чуркап өтө турган биринчи топ 27-августта саат 9:00дө старт алат. Аларга кошулуп, бир жана 10,5 чакырым чуркайм деген каалоочулар шаарга кирүүдөгү айланма жолдон кошулат экен.

Шашкан шайтандын иши. Бишкекте катуу ылдамдыкта бара жаткан мотоцикл жеңил унааны сүзүп алды. Окуя 7-август күнү Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуядан мотоциклдин айдоочусу жабыркап, Тез жардам менен ооруканага жаткырылды.

Улук болсоң, кичик бол. "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү Бахтияр Касымалиев (Баха) менен Руслан Максимов (Интеллигент) Даун синдромунан жабыркаган баланын кыялын орундатышты

Александр Даун синдромунан жабыркайт. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде кыргызстандык шайырлар жана тапкычтар командасынын күйөрманы экенин айткан эле. Баха менен Интеллигент бул тууралуу билгенден кийин ага күтүлбөгөн кубаныч тартуулоо үчүн Александрдын үйүнө барышкан. 

Ал ортодо Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди. Анткен менен Бишкек шаарында болсо күн 31 градуска чейин ысыйт. 

Валюта баасы. Бүгүн бир доллар орто эсеп менен 68,62 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Үмүтсүз жалгыз шайтан. 

Кокустан, эми кокустан да…алтын балык кармап алгандар болсо, Олимпиададан алтын сурап койгулачы. Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0