Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Зордукчул таксисттин тамсили

Жазылуу
Ура! Аптанын акыркы иш күнү. Иштеген, тиштейт!

Өздүк майрам кут болсун, Обама мырза! Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады. Эмне дейбиз, 55 жаш кутман курак кут болсун!

Ажайып Кыргызстан. Өзгөн мунарасына көп эле жолу барганыма карабастан, мындай кооздукту көргөн эмесмин. Көрсө, тарыхый комплекске асмандан көз салуу керек экен. Анда Өзгөн мунарасын ушул жактан көрүңүз

А-бу дегиче биздин балбандар 12 сааттык жолду учуп Бразилияга жетишти. Алар жол азабынан чарчаса да, көтөрүңкү маанай менен Бразилиянын босогосун атташканын делегациянын маалымат катчысы Кабыл Макешов саймедиреп берди.

Айбанчылыктан ашып түшкөндө. Баласынын көзүнчө энесин зордуктаган делген таксист окуянын чоо-жайын айтып берди. Эми, бул жагы кинодогудай. Ар кимдин өз чындыгы бар окшойт да… 

Бул окуяга сыягы жер эненин жүрөгү да чыдай албай болк этти көрүнөт. Бир күндө эки ирет силкинип жиберди

Ал эми кошуна Казакстандын түштүгүндөгү нефть базасында жарылуу болду. Кара түтүн каптаган өрттүн видеосун бул жактан көрө аласыз

Аскер кафедралары жоюлат. Президент Алмазбек Атамбаев аскер кафедраларын жоюу боюнча мыйзамга кол койду. Аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат. Анда жоокерлер эки категория боюнча кызмат өтөй алышат.

Сүйүнчү, манасчыларыбыз үчүн жаңы форма тигилет. Аталган маселе боюнча "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун негиздөөчүсү Самат Ибраев менен Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков сүйлөшүштү.

Бүгүн Нарын менен Ысык-Көлдү булут каптаса, башка аймактарда күн ачык болот

Валюта баасы. Бүгүн бир доллар орто эсеп менен 68,51 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Талыкпас эмгек ийгилике жеткирет. 

Буюрса бүгүн иштеп койсок, эки күн эс алабыз. Апей, бир күн… шефтер укпасын… Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0