Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сазга батып сүрөткө түшкөн Игорь Ысык-Көлгө келет

Жазылуу
Бүгүн күнгө бейшемби. Жакшы жатып, жай турдуңуздар деген үмүт менен өткөн күнгө саресеп салабыз.

Кул жеймин дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту. ВКонтакте" сайтында өткөн конкурс үчүн сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаровду Кыргызстанга Туризм департаменти алып келмей болду. Багы ачык жигит экен, бүтүндөй кыргыз эли кучак жайып чакырып жатат. Бул демилгени биздин журналисттер көтөрүп чыкканын да кыпчый кетели. Албетте, кыргыздын меймандос калк экенин айтпасак да белгилүү да.

Баарыбыз Игордун "эрдиги" менен алек болгончо, Тунук Омушев кадимки оюнчуктардан роботторду жасоого үлгүрдү. Датчиктин жардамы менен иштеген темир кол, таштанды тазалоочу унааларды бул жактан көрүңүз. 

Керекке жараган алты жашар Эдель. Кыргызстандык жаш гимнаст Эдель Касенова Кытайда өткөн эл аралык Zhong Ling Beijing Cup 2016 мелдешинде эки алтын медаль менен кайтканын машыктыруучусу Сабина Аккулакова билдирди.  Алты жашынан тартып ушунча ийгилик жараткан Эделден кантип үмүт кылбай коебуз?

Кинодогудай: Алексей Попов атактуу режисер Стивен Спилбергдин "Терминал" тасмасындагыдай болуп үч күндөн бери "Манас" аэропортунун аймагынан чыга албай жатат. Кайра артка учуп кетүүгө тыйыны жок, өлкөгө кирейин десе паспорту жок Алексейдин окуясын окусаңыз, чын эле киногдогудай.

Абийирди айрандай төккөндө. Ал ортодо Бишкек шаардык милициясы унаасын аркасы менен айдаган айдоочуга издөө жарыялады.  Анткен менен интернет колдонуучулар "NURAIYM кайтып келди" деген билдирүүлөрү менен Кайгуул милиция кызматкерлеринин короосуна таш ыргытышууда. Анткени буга чейин NURAIYM аттуу кыздын жоруктары чуу жаратып, МАИчилер ал кызга алы жетпей койгон жайы бар.

Кайгуул милиция кызматкерлери NURAIYM менен кубалашканча сомдун куну кандай өзгөргөнү бир көз салып коюңуз

А баса, Кайгуул милиция бир гана NURAIYM эмес, мыкты айдоочу айымды да издеп жатат. Жазага тартуу үчүн эмес, "Автоледи-2016" сынагы үчүн.

Бүгүн болсо күн 35 градуска чейин ысыйт. Анткен менен Ысык-Көлдө күн күркүрөйт экен. Кесиптешибиз Айида Батырбекованын эс алуу жаатында багы ачылбас болду го… 

Валюта баасы. Аз-аздап көтөрүлүп отуруп бүгүн бир доллар орто эсеп менен 68,27 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Атың чыкпаса жер өрттө. 

Пайдаңыз жок болсо да, зыяныңыз тийбесин. Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0