Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргызстандык дарбазачы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте орнотулган Манас айкели. Архив
Бишкекте орнотулган Манас айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ура! Аптанын акыркы иш күнү. Жараткандын улуу жума күнү жакшылыкка жык толсун.

Биздин кыздарыбыз кыйын. Кыргызстандык футболчу кыз Наталья Гайворонская Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигинде "Мыкты дарбазачы" наамын алды. Эске сала кетсек, буга чейин көчө футбол боюнча Кыргызстандын кыздарынын курама командасы дүйнө биринчилигинде II орунду ээлеген.

Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат. Социалдык тармактарда "жаандан корголоп, өзү эмес өзгөлөрдө кол чатыр карматып турганы эмнеси" деген сөз ээрчиген Нурлан Сулайманкулов Бишкек шаардык прокурорлук кызматынан кетиптир. Кызык, кол чатыр көтөрдү делген жардамчысын ала кетти болду бекен? 

Бишкектеги жаштар аллеясына көлөмдүү "Көз айнек" орнотулууда. Анын бийиктиги эки, туурасы алты метрди түзөт экен. Инсталляцияда адам укуктары боюнча текст жазылаарын демилгечилер билдирди.

Ажо болом деп айгай салгандар. "Кыштын камын жазда көр" деген кептин төркүнүн туура баамдаган Адахан Мадумаров күн мурунтан президенттикке аттанаарын жар салды. Адахан мырза баштаса, аны Садыр Жапаров, Алмазбек Абековдор коштоп турган чагы. Анткен менен сайсий аренадагы башкы фигуралар үн ката элек. Алар саясий жүрүш жасаганча, 25 жыл ичинде ажолукка аттангандарды эстеп туралы.

Кудалашпай эле кубалашкандар. Жашоодо бирде күлө берип ичиң, бирде ыйлай берип көзүң ооруйт. Бирок мындай окуя үч уктасам түшүмө кирген эмес. Казакстанда сеп талашкан кудалар гүл салгычтын айынын соттошуп кетиптир. Эки дөө урушса чымынга зыян эмеспи, баш кошкон эки жаштын бактысы эмне болду экен? 

Таң заар, супа салганда, каш карайганда, багымдат… ой, бул эмне деген сөздөр? Мага окшоп бул сөздөрдүн маңызын билбегендер болсо бул жака баш багыңыздар. Кыргыз тилинин түгөнгүз кенч экенин караңызчы, бир күн ичинде мезгилди аныкташ үчүн кеминде 18 сөз колдонулат экен…

Маянасыз иштөөгө даяр болгон Марадона. Легендарлуу футболчу Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама командасын бекер машыктырып жана жетектөөгө даяр экенин жар салды. Аргентина курама командасын "Ийгиликке бет алган Мессинин башкаруусундагы автобус", — деп атаган атактуу футболчу демилгени колго алгысы келген көрүнөт.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.08 (сатып алуу) жана 67.09 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Иштеген тиштейт.

Силерге кутман күн каалап, замандашыңар Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0