Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Кыргызстанга кош келиңиз, Ангела Меркель айым

Жазылуу
Агарып аткан таңга шүгүр кылалы! "Бир көрмөккө жан бермек" деген сөз кыргызда байыртадан айтылып келет. Германиянын канцлери келет деп Бишкек шаары Меркель айымдын сүрөтүнө толо түштү.

Кош келиңиз, Ангела Меркель айым. Германиянын канцлери Ангела Меркель өмүрүндө биринчи жолу Кыргыстанга иш сапары менен келет. Бүгүн кечинде эл аралык "Манас" аба майданына келип түшөрү менен аны кызыл килем жайып тосуп алып, Бишкекте казкатар чапталган сүрөттөрүн ага көрсөтөбүз. Себеби, Меркель айым келет деп шаарды анын портрети менен кооздоп чыктык. Кыргыздын ушундай меймандос эл экенин темирдей бекем тартипке көнгөн немистердин башчысы жакшы эле баалайт болуш керек.

© Sputnik / Данияр СандыбаевПервый официальный визит в Кыргызстан канцлера Германии Ангелы Меркель
Первый официальный визит в Кыргызстан канцлера Германии Ангелы Меркель - Sputnik Кыргызстан
Первый официальный визит в Кыргызстан канцлера Германии Ангелы Меркель

Э-эй, элчилер иштегиле, ээ?.. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен өзүнүн достук, соода экономикалык жана маданий жактан байланыштарын чыңдап келет. Учурунда "Кыргызстан баарыбыздын үйүбүз" деп ураан чакырып, бардык мамлекетке ачык экенибизди жар салдык эле. Кечээ, КР президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда иштмердигин жүргүзүп, эки мамлекеттин мамилесин жогорку деңгээлге чыгарабыз деп билектерин түрүнүп, шымалана кызматка киришкен беш элчинин ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишиңер илгери, эки элди эриктирбей, кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаргыла элчи мырзалар"

Сүйүнгөнүнөн ырдап жиберди. Өткөндө Кыргызстандын президенти колуна гитара кармап, өзү чыгарган ырларын созгондо тим эле апабыз эркек төрөгөндөй сүйүнүп жиберген элек. Көрсө, башка мамлекеттин жетекчилери деле кыңкылдап үн чыгарып, ырдап коет экен. Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетерин жар салгандан кийин, кубанып кеттиби, же кайгырдыбы, айтор кетип баратып ырдап жибергенин өзү да сезбей калды окшойт. ушинтип эле ырдап жүрө бериңиз, Дэвид мырза.

Ар бир кесип ардактуу, эгер жакшы төлөсө барктуу дагы. Өткөндө жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алгандар окуучуларга алтын сертификат тапшырган президент Алмазбек Атамбаев көздөрү жанып, дүйнө биздики деп турган абитуриенттерге "кандай жумуш болсо да аны чын дилиңерден аткаргыла" деди эле. Анан эле Британ монархтарынын (азыркы королева Елизавета экинчинин резиденциясы) Лондондогу расмий резиденциясы Букингем сарайына идиш жуугуч изделип жатканы жарыяланды. Айлыгы жылына 1,5 миллион сом экен. Эгер жасаган ишиң өзүңө жагып, анан калса алган маянаң дагы көп болсо эң сонун да. Илгертеден айтылып келген ар бир кесип ардактуу деген сөз мындай учурга куп жарышчудай.

Курмандыгың даярбы? Орозо айт майрамдалган соң жетимиш күндөн кийин боло турчу Курман айт быйыл 12-сентябрга туура келе турганын муфтият билдирди. Бул күнү Курмандык чалып, өтүп кеткен жакын туугандарды эскерип, жетим-жесирлерге, багар-көрөрү жокторго жардам берилет эмеспи. Андыктан кайрымдуу бололу туугандар! Бири-бирибизге кол сунуп, оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алалы.

Мушкердин муштуму эмес, башы да иштеши керек. Спорт менен шугулданып, өлкөнүн намысын эл аралык аренада коргоп келген азаматтарыбыз арбын. Бирок, алардын каардуу элесин көргөндө "ии, буларың муштуму менен койгулагандан бөлөк эч нерсе билбейт го, акылы деле жок болсо" деп жүргөндөрүбүз да бар. Бирок мушкер Эркин Адылбек уулу рингге чыкканда бир гана муштум эмес, акыл дагы керек экенин айтып берди. Акыл менен кара күчтү айкалыштырып, Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн эр азаматтын колунан дагы кандай нерселер келе турганын жогорудагы шилтемеден кенен таанышыңыз.

Валюта баасы. Бүгүн Улуттук банк сомдун долларга карата болгон орточо курсу 67.30 сом деп белгиледи.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы төмөндөгүдөй: Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бир көрмөккө жан бермек.

Жаңылыктар түрмөгү
0