Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Ажонун дагы кандай өнөрү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековТестиер кыз бала аянтчасында. Архив
Тестиер кыз бала аянтчасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, замандаш! Бүгүн күнгө жума. Агарып аткан таңды алты саныбыз аман тосуп алганга шүгүр дейличи.

Президенттиктен чыгармачылыкка. Алмазбек Атамбаев өзүмдүкү деп ыр ырдап сунуштады эле, коомчулук жакшы кабыл алды. Элдин пикири шерденттиби, айтор кечээ дагы бир ырын интернетке чыгарып, атургай эми орусча, кыргызча ырдап, жалпысынан 10 ырдан турган диск чыгарууга белсенип жатат имиш. Жан дүйнөнү ээлеген кыял акыры койбойт экен го…

Докторлордун саны көбөйдү. Ажобуз антип ырдап элдин маанайын көтөрүп жатканда жубайы Раиса Атамбаева Москвага барып, докторлук диссертациясын жактап салды. Биринчи айым болгондо да өспүрүм кыздардын ден соолугун иликтептир. Эмне дейбиз, үзүрүн көрсүн! 

Сыймык. Алты окуучубуз Гонконгдо өтүп жаткан математика боюнча эл аралык олимпиадага катышып жатат. Чынында эле сыймык арта турган кабар болду, сүйүнүп калдык.

Меркель келет деп… Кечээтен бери Кыргызстанга Германиянын канцлери Ангела Меркель келет экен деп чамынып жатабыз. Атамбаев менен эле ийри отуруп, түз кеңешип тим болбостон муфтий Максат ажы Токтомушев менен да жолугарын кечээ муфтият жар салды. Өнүккөн өлкөнүн башчысы жериңе келем деп атса, биякта туруп эле ичиңен "кым" деп калат экенсиң…

Унаа убайымы. Ал арада Бишкектин мэриясы унаа токтотуучу жайлардан акча алгандар менен чогуу күрөшөлү деди. Негизи мындай жайлар бекер деп көптөн бери эле айтып келе жатат. Эми кызылдай эле акча агып атса, ага болобу… Демибизди басып туралычы.

Жоболоңдуу жол. Ырынан чыры көп Балыкчы — Корумду жолуна Финансы министрлиги бир миллиард сом тааптыр. Өкмөт башчы менен министрдин башын жеген деги ушул жолдун жомогу бүтсө экен…

Өлбө, жаным, өлбө деп жол салып жатсак, баарынан да Чолпон-Атадагы жаңы курулуп жаткан ипподромго барчу жолду жаан жууп кетип айлабызды кетирди. Кечээ араң калыбына келди окшойт. Ал аз келгенсип Бишкек — Ош жолуна да таш кулап, аны да кечээ тазаладык. Мейли эми, ушуну менен баары чыгып кетсинчи. 

Оппосунан кеткен оппозициянын өкүлдөрү Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбаевдер дагы эки айга чейин түрмөдө калышты. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алып, аны тергөө иштеринин аягына чыга электиги менен түшүндүрдү. Буларды кайсы кара теке сүздү, билбейм.

Соттордун иши сотко өтүп… Ош окуясында улут аралык араздашууну козуткан деп айыпталып, күнөөлөрү далилденип, атургай өмүр бою эркинен ажыратылган жаранды мындан бир жыл мурун Жалал-Абад облустук сотунун эки судьясы бошотуп жибериптир. Эми өздөрүнө кылмыш иши козголуп, иши сотко өттү дейт. Бошонуп кеткен киши ошол эле жерден зуу коюптур, азыр аны баарылап издеп жаткан кербезибиз. Кудайды бир карашса боло… 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДаун дартына даба тапкан эне: доктурлар балаң "мал" болбойт дешкен
Интервью с основательницей фонда Сантерра Диной Эшалиевой - Sputnik Кыргызстан
Даун дартына даба тапкан эне: доктурлар балаң "мал" болбойт дешкен

Дартка даба. Доктурлар балаң "мал" болбойт деген кызын бутуна тургузуп алган "Сентерра" уюмунун негиздөөчүсү Дина Эшелиева Даун дартына даба тапкан энелердин үмүтү, кубанычы менен кайгысы тууралуу бизге айтып берди.

Сүйүнчү! Күчүктү сактайм деп өзү сууга чөгүп кеткен маркумдун жубайы Айзат Маматалиева кырк жылкылуу болду! Аттиң ай, бири кем дүйнө… Төрдө наристенин атасы отуруп, кызына мээрим төгүп, эркелетип турса кандай сонун болот эле… 

Тилиме тибиртке чыкты. Бизде "Тибиртке" деген рубрика бар. Кечээ кабарчыбыз Айида Батырбекова университеттин мугалими менен сүйлөшүп, кимге кандай кайрылуу керектигин, мисалы боз улан, бийкеч, абышка, тестиер, наристе деген кимдер экенин жазып койду. Сиздер үчүн!

Евро-2016. Бир айга созулган Европа чемпионаты да тамам болуп баратат окшойт. Кечээ немистер менен беттешкен француздар жеңишке жетишип, эми 10-июлда боло турган финалдык оюнда Португалия менен кезикмей болду. Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт, экөөнө тең ийгилик каалайлы.

Валюта баасы. Бүгүн Улуттук банк сомдун долларга карата болгон орточо кунун 67.30 сом деп белгиледи.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Аял жакшы — эр жакшы, увазир жакшы — хан жакшы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0