Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Айт маарек болсун!

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намазда милиция кызматкери. Архив
Айт намазда милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар! Айт маарек болсун! Бүгүн күнгө шейшемби.

Бүгүн Кыргызстанда орозо айт. Таңкы алтыдан тарта Бишкектеги "Жеңиш" аянтынын жанындагы аймакка миңдеген киши келип, айт намаз окулду. Жамгыр алдында тестиер балдардан тарта аксакалдарга чейин жаратканга тооп келтирип, дуба кылышты

Атамбаев Арашан менен "Ата-Бейитке" барды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Арашан айылынын мечитинде Орозо айтка байланыштуу майрамдык намазга катышты. Андан соң "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элестерин эскерип, куран түшүрдү. 

Аба ырайы. Жамгыр демекчи, бүгүн республика аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экен.

Ырчы-чоорчу президенттер. Биздин президенттин "Судьбе назлосунан" кийин башкаларга баам салык көрдүк. Алар деле кем экен. Нурсултан Назарбаев домбура чертип, кыңылдап ырдай коёт. Ал эми Владимир Путин үн созуп, роялда ойнойт. Түркмөн башчысы Гурбангулы Бердымухамедов диджейлик кылып, гитара кылдарын терет. Ал эми АКШнын "атасы" ырдамак турсун, мыкты бийлейт. Кеңири материалды бул жерден окусаңыз болот. 

Мөндүр дыйкандарды сыздатты… 2-июлдагы мөндүр Ысык-Көлдүн айылдарындагы айдоо аянттарынын быт-чытын чыгарып, 1408 гектар жерге айдалган жашылча-жемишти кагып кетти. 70 миң сом кредит алып, жер иштеткен дыйкан айласы кетип, ындыны өчкөн тейде алакан жайып турат. "Эми канттим. Күзүндө түшүмдү сатып кутулам деген элем да",— дейт дыйкан байке… Өкмөт, бир нерсе кылар бекен? 

Эң арзан "контракт" кайсы болду? Кыргызстанда акы төлөп, эл оозунда айтылгандай "контракт" менен билим алуунун эң арзаны 26 миң 360 сом деп бекитилди. Анткен менен бул деле көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн капчыкты кыйла бошоткон сумма болуп турат. 

Кымыз майрамына келиңиз. Бишкекте кымыз майрамы өтүп, ага өлкөнүн жети дубанынан келген кымыз жасоочулар катышат. Шаардын ысыгында, бул улуттук суусундук көздөн учуп жүргөндөр 8-июлда "дегустатор" болуп кетсеңиз болот. 

Ааламда. Месси келди! Президент менен Марадонанын сөзүн жерге таштабайын дедиби, же деми бас-бас болдубу, айтор, Лионель Месси ойногон командасына кайтып келе турган болуптур

Ынтымак болсунчу… Түркия менен Россиянын ортосундагы мамиле жылый баштаганын байкоого болот. Түркия "Инжирлик" аскердик базасын "Ислам мамлекети" террористтик тобуна каршы аракеттерди көрүү үчүн Россиянын пайдалануусуна бериши мүмкүн экенин айтты деген кабар тарады. Учурда ал жерде АКШ, Германия, Улуу Британия, Карат жана Сауд Аравиясынын учактары жайгашкан. Ишигылып, ааламда, кошуналарда, мекенде ынтымак болсунчу. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.22 (сатып алуу) жана 67.42 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0