Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10.15. Ажалдан калган кайраттуу Тилектердин баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амансызбы, мекендеш. Бүгүн күнгө бейшембинин бейпил өтүшүн каалайбыз.

Ак калпакты чечпейбиз! Эми мындан ары 5-март жыл сайын Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилене турган болду. Расмий түрдө. 

Жабыркагандар түндөн түгөл чыкты бекен? Кечээ Стамбулдун "Ататүрк" аба майданында жасалган терактылар дүйнөнү бир титиретип алды. Алыскы-жууктагы адамдар улутуна карабай, улам интернетти тиктеп, аба майдандагылардын аманчылыгын тиледи. Алардын бири, апааттан аман калган кыргызстандык Тилек Токомбаев жарылуу андан 40 метр аралыкта болгонун айтып берди. 

Үчүнчү күнү жыйынга неге келген жоксуң? Бүгүн-эртеңден депутаттар жайкы эс алууга кетет. Сегиз ай иштешти. Sputnik бул мезгил ичинде Жогорку Кеңештин жыйынын көп калтырган депутаттарды тизмектеп чыгып, рейтинг түздү. 

Депутаттар демекчи, парламентарийлер катарын спортчу толуктады. 46 жаштагы Максат Эгембердиев эл өкүлү буга чейин жергиликтүү кеңешке депутат болуп, спорттук мектепти жетектептир. 

Баспай калган 12 жашар Тилектин кандай каарман экенин билесизби? Ал коляскада отуруп алып үй-бүлөсүн үй сатып, жыгачтан ар кыл сувенирлерди жасап багат экен. Эжекелери менен атасы таштап кеткен энесинин жоктугун билгизбегенге аракеттенерин да айтып берген. "Мен үйдөгүлөргө кубаныч тартуулагым келет" дептир майып бөбөк. Айтканың орундалсын, Тилек. 

© Фото / Марат АбдраевТилек Алтымышев с одной из своих поделок
Тилек Алтымышев с одной из своих поделок - Sputnik Кыргызстан
Тилек Алтымышев с одной из своих поделок

Ааламда. 40 мүнөт. Россия менен Түркия ымала келүүгө кадам таштады окшойт. Кечээги кырсыктан кийин Путин менен Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүп, суук селки тартып кеткен мамилесин калыбына келтирүүгө кадам жасагандай. Лидерлер 40 мүнөттөй сүйлөшүптүр. 

Анан дагы… Алтыны бар уй. Индиянын Гужарат штатындагы Жунагад университетинин илимпоздору уйдун заарасынан алтын табышыптыр. Аны гир тукумундагы уй дешти. Эми ал чөлкөмдөгүлөр гирлерди издеп кетишпес бекен… 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.32 (сатып алуу) жана 67.48 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30,5 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Жаманчылыкты аманчылык жеңет

Жаңылыктар түрмөгү
0