Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10.15. Жер улам титиреп жатат…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө дүйшөмбү. Иш аптаңыздар ийгиликтүү улансын.

Жамгыр коштогон июндун акыркы күндөрү. Бүгүн өлкө боюнча жаан-чачын боло турганын Кыргызгидромет билдирди. Кыязы, июнь айын жамгыр менен узатат окшойбуз.

Ой, күйдүргү жок! Казакстанда күйдүргү дарты чыккандан тарта бизде да эл кулак түрүп калган. Ал тургай WhatsApp аркылуу "ооруканаларда күйдүргүдөн кишилер өлдү, базардан эт албагыла" деген маалымат тарап, бир даары дүрбөп кетти. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри баш, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы төш болуп муну төгүнгө чыгарды

Таксичилерди калп эле жамандай бербегиле… "Бишкектеги чет элдик" аттуу социалдык эксперимент аркылуу шаардык таксисттердин чынчылдыгын текшерип көрүүнү чечтик. Биздин кызматкер "чет элдик болуп", карыш турган жерге кантип жетүүнү суранды. Сүйүндүргөнү "туристтин" акчасын "шыпырып" алууну каалаган мекендештерибиз салыштыра келгенде аз болуп чыкты. Андыктан, таксичилерди калп эле, жамандай бербегиле.

Ааламда. Балдарга бир көз салып койгулачы. Казакстанда 30 миңден ашык бала "В контакте" социалдык тармагындагы порнографиялык жана адамды буза турган топторго катталгандыгын кабарлашты. Буга чейин аталган тармак боюнча Россия да коңгуроо кагып, өспүрүмдөрдү өлүмгө чакыргандар табылганын айткан. Ата-энелер, абайлагылачы деги. Балдардын интернеттеги кайсыл сайттарга кирип жаткандыгына көз салып коюу ашык болбойт чыгар. 

Аалым Маликов өлүм жазасын оозанды. Балдар демекчи, теолог Кадыр Маликов исламда бачабаздар үчүн адатта өлүм жазасы караларын белгилеп, балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүү керектигин жазды. 

Кадыр түндү кантип тосуш керек? Бул түнү эмнелерге тыюу салынат? Жараткандан эмнени тилөө керек? Бул суроого төмөнкү макаладан жооп аласыздар

"Эр Төштүктөн" эротика "табышып"… Кыргыз элинин кенже эпосторунун бири "Эр Төштүктүн" баш-аягы эки миңге чукул сабы алгачкы вариантынан кыскартылып, анан жарыяланыптыр. Уяттуу деп кыскартууга учураган жерлери да бар экен. Бул туурасында жети фактыдан окусаңыз болот

Жер кечээги 17:17ден тарта 7 жолу силкинди. Кечээ жана бүгүнкүнү кошкондо жер баш-аягы жети ирет термелди. Болжол менен кечээ, саат 17:17ден тарта башталды. Айтмакчы, жер титирөөнү иш үстүндө отуруп биз да сездик. Кудайлап, аны менен катар эле жер силкинди деп жаңылык жазып жаттык. Шүгүр, адам зыяны болгон жок. Жер азыр да термелүүсүн токтотпой, акыркысы 8.32де катталганын ӨКМ билдирди.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.28 (сатып алуу) жана 67.44 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30,5 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Кырк жылы кыргын жүрсө да бейажал чымын өлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0