Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10.15. Жаман аял кетем деп коркутат…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар! Бүгүн күнгө бейшемби. Иш күнүңүздөр ийгиликтүү улансын.

Элдин балдарынын баары эле Призма деген программаны кеп кылып жатат. Ал тургай Кыргызстандын саясатчыларын да аралап кетиптир. Элден калбайын десеңиз, анда бул жерге кирип, бир карап коюңуз… Бепбекер экен… 

Окуу жайдын жетекчилигине 12 талапкер. Бардыгы тең профессор жана медицина илиминин докторлору. Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорлугуна 30-июнда боло турган шайлоого ушунча агай-эжелер ат салышат экен… Мынча көп… 

Көмүр көп чырдын башы болууда. Көмүр жукса жууп кетирүү оңой эмес экендигин билебиз. Депутат Мээрбек Мискенбаев көмүрдүн акчасын кымтып алды дегендерди "жалган жалаа жаап жатат" деп сотко берерин айтты… Эгерде көмүр тагын жууй албаса, мандатып тапшырам деди. Аны да байкап туралычы… 

Жаман аял кетем деп коркутат… Баса, мандат тапшырам демекчи. Кызматтан кетем деп мандатын булгалай чуркаган же отставкага "кетип калам" деген тенденция арбыды. Андай атка минерлердин тизмектеген таржымакалды бул жерден окуйсуз… Алардын арасынан "эркекче шерттешкендерди", "конвертке ок салып жибергендерди" да эстедик. 

Чын элеби? Эл өкүлү десе эстеп кеттик. Депутаттар бир нече күндөн бери ит жыгылыш болуп жатып, кызматтык батирден баш тартуу демилгесин биринчи окууда жактырды. Буга чейин эл өкүлдөрүнүн бир даары баш тартпайбыз деп чырылдаса, бир катарлары шайлоо алдында элге убада бербедик беле деп алакан жайган…

Бир эле мушкер аттанат. Кыргызстандын мушкерлери Олимпиадалык лицензиядан куру жалак калды. Бокс боюнча өлкөнүн курама тобунан дүйнөлүк мелдешке бир эле спортчу бармай болду. Эми башыбызды ташка койгуласак да, кеч… Ал арада кыргыз спортун өнүктүрүү үчүн тукумга, ата-текке көңүл буруш керек, ошондо кыргыз спорту өнүгөт беле деген ойду колумнист Кабыл Макешов кыстара кетти.

Түрмөнүн ичиндеги жашоо, арак менен акча ээсине жетпей калганда. Сырткы дүйнөдөн түрмөнүн короосуна бөтөлкө ыргытса, анысы блокпосттун жанына түшүп калыптыр… 

Жети-Өгүздүн керемети. Мактанып эле койсок болот, бул биздин редакциянын кызматкерлеринин мыкты эмгектеринин бири. Айтылуу Жарылган жүрөк менен кереметтүү Жети-Өгүздү алаканга салгандай көргүңүз келеби? Муну көрүүгө кеткен убакытка ич күйбөйт. 

Эми жакшы кабар. Атай деген азамат бала! Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков марафондон анын чыгармачылыгына чогулган каражатты жетим балдарга берерин айтты… Кандай жакшы адамсың, Атай!

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.30 (сатып алуу) жана 67.49 (сатуу) сомду түздү.

Соңку сөз ордуна. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети.

Жаңылыктар түрмөгү
0