Амансызбы, бурадар. Кыргызстанда саат 12:00. Саперлорду сыйпалаткан аялдар

Жазылуу
Амансызбы, бурадар. Бүгүн күнгө шейшемби. Кечээки күндү бир эстеп, жаманына муңайып, жакшысына кубанып, бүгүнкү күнгө аттандык.

Шашылыш билдирүү. Кыргызстанда кечээ синоптиктер шашылыш билдирүү таратып, күн күркүрөп, жамгыр жаап, айрым жерлерде нөшөр боло тургандыгын айтышты. Кол чатырыңызды унуткан жок чыгарсыз. 

Муңайтканы. Бишкекте газ ташуучу унаанын жарылуусунан катуу күйүк алган алтынчы киши каза болуп калды. Кырсык 6-июнь күнү газ ташуучу унаанын жарылышынан келип чыккан эле… Ыйманы саламат болсун.

Чыгым мал-кел менен чыгып кетсин дейли. Жалал-Абаддын Суук-Дөбө жайлоосунда чагылган тийип, 120 кой зоодон ыргып кетиптир. Чабан алардын баарын кардын жарып чыгыптыр. Кыязы, адалдайын десе керек. 120 деген сан коомчулукта тамаша жаратты. А бүгүн алардын саны 145 экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча билдирди. 

И баса, депутаттар коомдук жайда спирт ичимдигин ичкендерге карата жазаны күчөтүүнү айтып жатышат. Эми "сеп этип алып" тартип бузгандардын чөнтөгүнө 1000-3000 сомдук зыян келиши мүмкүн дешүүдө. Бул алгачкы демилге, мыйзам долбоорунун башталышына байкоо салып туралычы… 

Кааласам — курам, кааласам — кырам. Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүп, ордуна жаңыларын тургузуу кызыл чеке талкууну жаратууда. Сиз кандай ойлойсуз? 

"Высший сорт!". Бир килосу 20 миң жашылбайларга бааланган героинди 230 баш жасалма пияздын ичине салып бараткан жеринен тажик жараны милициянын кылтагына илиниптир. Адамдан айла качып кутулбайт. Эми шору куруду го… 

Айтмакчы, Таластын жетекчиси алмашты. Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлдүгүнө Даир Кенекеев аттуу жигит дайындалды. Үч диплому бар экен… Кызыксаңыз, таржымакалын бул жерден карасаңыз болот

Ааламда

Якутиядагы жылмайткан жылуу окуя. Дарыгерлер чер токойдо кош кабат келинди төрөтүп жатканда полиция кош бойлуу келин менен медиктерди аюулардан кайтарып турушуптур. Ай талаада кыз бала жарык дүйнөгө келиптир. 

Гей-парад — бирин кууп, экинчисин камап…Түркия полициясы гей-параддын катышуучуларын кууп таратты. Кызыгы, тартип сактоочулар гей-парадга каршы чыккан 15 адамды кармап кетти…

Жан дүйнөдө. Кадыр түн тососузбу? Быйыл Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү белгиленет. Ал Орозо айынын 27-түнү белгиленет.

Ылайым сыйпалап, таппай калсын. Кудайга шүгүр! Бишкектеги Орто-Сай базарына жакын аймакта бомба коюлду деген кабар жалган болуп чыкты. Энтигип жетип келген Башкы штабдын саперлору сыйпалап, эч нерсе таппай коюшуптур. Ылайым эле сыйпалап калышсын дегиң келет. Ал "бомба" аял киши унутуп кеткен кол сумка экен. Буга да каниет. Тынчтыктан, бейпилдиктен кымбат эч нерсе жок.

Соңку сөз ордуна. Жаманчылыкты аманчылык жеңет.

Жаңылыктар түрмөгү
0