Канчадан? 17-декабрдан тарта азык-түлүктүн бир жумалык баасы

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Ош шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

Мандарин. Бул цитрус өсүмдүгү жаңы жылдын жакындап калганынан кабар берип тургансыйт. Себеби, дал ушул маалда базарда мандарин саткандар көбөйөрү бышык. Мандариндин курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу кальций, темир магний, фосфор жана башкалар бар. Ошондой эле бул өсүмдүк B, C витаминдерине бай.

Мандаринди үй шартында кандай сактоо керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

Учурда мандариндин бир ящиги 750 сомдон сатылууда. Анын ичинде 10 килограмм батат. Башка азык-түлүктүн баасы бир жумада кандай өзгөргөнүн инфографикадан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0