Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Баткен шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

Балдар таттуу нерселерди жегиси келип турат. Жүгөрү үлпүлдөгү балдардын эртең менен жакшы жеген тамагы деп да айтсак болчудай.

Жүгөрү үлпүлдөгүн жасоону бир тууган Келлогдор (АКШ) капысынан таап алышкан. Алар жүгөрү унунан тамак жасап жатып, тезинен бир жакка баруу зарылдыгынан улам жасап жаткан тамагын унутуп калышкан. Кайта келгенде ундун бир аз бузулуп калганын байкап, аны ысык майга кууруп даамын татып, башкаларга да беришкен. Ал көпчүлүккө жаккан.

Жүгөрү үлпүлдөгүнүн үстүнө муздак сүт куюп жешет. Учурда бул азыкты дүйнөнүн бардык аймактарында колдонушат.

Учурда анын бир килограммы Бишкекте 250 сом турат.

Башка азык-түлүктүн баасы канчадан болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0