Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Талас шаарындагы базар баасына көз салдык.

Кокос — бул тропикалык жемиш. Кокос дегенде эле сизге деңиз, анын жээгиндеги майда кумдар элестесе керек. Жаңылган жоксуз. Чындап эле жаңгактын бул түрү жылуу аймактарда өсөт. Анын мекени деп Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери эсептелет. Кокос жаңгагынын эң чоңдору 30 сантиметр келип, салмагы 1,5-2,5 килограммга чейин жетет.

Кокостун ак этин салаттарга, десерттерге жана пирог жасоодо колдонушат. Ошондой эле кокостун кабыгынан май алынат. Майды самын жана косметикалык каражаттарды жасоодо кеңири пайдаланышат.

Күндүн суукташы менен жашылча-жемиштердин да баасы көтөрүлдү. Бишкек шаарында бир килограмм помидордун баасы 18 сомго кымбаттап 132 сомго жетсе, бадыраң дээрлик 12 сомго арзандап 126 сом болду. 

Талас шаарында пияз менен сабиз 25 сомдон сатылууда. Картошка болсо 6 сом.

Базарда сатылып жаткан башка азык-түлүктүн бааларын Sputnik агенттиги даярдаган инфографикадан караңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0