Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Каракол шаарындагы базар баасына көз салдык.

Шаардын базарларында мандарин сатыла баштады. Бул Жаңы жылга саналуу гана айлар калды дегенди билдирет. Учурда анын бир килограммы 120 сомдон сатылууда. Негизинен ал Кытайдан алынып келет. Аталган өлкө жыл сайын 14 миллион тоннага чейин мандарин өстүрөт. Анын курамында С витамини көп. Мисалы, 100 грамм мандаринде 38 миллиграмм С витамини бар. Бир кишинин суткалык нормасы 60 миллиграммды түзөт.

Өткөн жумага салыштырганда бадыраңдын баасы эки эсе кымбаттады. Ал эми супермаркеттерде помидор алты сомго көтөрүлдү.

Базар бааларына Sputnik агенттиги даярдаган инфографикадан көз салыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0