Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Ош шаарындагы базар баасына көз салдык.

Сарымсак менен лимон эмнеси менен окшош? Алардын баалары дээрлик бирдей жана С витаминине бай. Мисалы, 100 грамм лимондо 53 миллиграмм С витамини болсо, 100 грамм сарымсакта 31,2 миллиграмм С витамини бар.

Учурда сарымсактын 1 килограммынын баасы 180 сом болсо, лимон 200 сомдон сатылууда.

Күн сууктап калгандыктан, сасык тумоого чалдыккандар арбып барат. Бул илдет менен күрөшүүдө лимон менен сарымсак миңдин бири.

Достор, жакшы жаңылык менен бөлүшкүбүз келет. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын базарларындагы баалар турукташып калды.

Бишкек жана Ош шаарынын базарларындагы баалар менен Sputnik маалымат агенттиги даярдаган инфографикадан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0