Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Баткен шаарынын базар баасына ой калчап көрдүк.

Туристтик сезон аяктап бара жаткандыктан, кыргызстандыктар менен жергебиздин меймандары жайдын акыркы күндөрү Ысык-Көлгө барып эс алууга аракет кылып жатышат.

Көпчүлүк эс алуу көл жээгинде отуруп алып пиво шыңгытуу менен коштолору баарыбызга маалым. Ал эми муздак суусундукту туздалган чабак менен ичүү анын кереметин арттырат эмеспи.

Чабактардын негизинен ден соолукка пайдасы азыраак, бирок анын шилекейди чубурткан даамын айтпайсызбы!… Көлдө мындай "закускенин" бир байламы 200 сом турса, килограммы 1500 сомго чейин жетет. 

Азык-түлүктүн негизги түрүнө болгон бааны биздин инфографикадан көрсөңүз болот. Бул сапар уй эти менен жашылчалардын кымбаттаганы байкалды.

Мындан тышкары, өткөн жумада доллардын курсу болжол менен 61 сом болсо, бүгүн 65 сомго кымбаттап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0