12:37 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Ымыркайдын колдору. Архив

Шымкенттеги окуя: урап түшкөн 2 кабаттуу үйдөгү ымыркайды бешик сактап калган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азия
Кыскача шилтеме алуу
78010

Кырсыктын айынан ымыркайдын 29 жаштагы энеси каза таап, дагы беш адам ар кандай жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Шымкентте урап түшкөн эки кабаттуу үйдөгү ымыркайды бешик сактап калганын Tengrinews агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, бир жаштагы Аруужанды урандылардан бешиктин конструкциясы сактап калган.

"Үй ураганда урандылар бешиктин үстүнө түшкөн. Бактыга жараша, бешикти кармап термете турган жыгачы ымыркайдын өмүрүн сактап калган", — деп айтылат маалыматта. 

Казакстандын Шахан поселогундагы урап түшкөн көп кабаттуу үй
© Фото / пресс-служба акима Карагандинской области
Кырсык катталган үйгө коңшу жашаган Улуттук гвардиянын аскер кызматкери Руслан Бахрамов жубайы Тез жардам менен ӨКМди чакырганча, ал урандылардын алдынан бир жашар Аруужан менен анын үй-бүлөсүн алып чыгууга жетишкен. Кырсыктын айынан ымыркайдын 29 жаштагы энеси каза болуп калган. 

Белгилей кетсек, трагедия 8-январдын таңында болгон. Эки кабаттуу үйдү эки үй-бүлө ижарага алып жашап келген. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза таап, беш адам ар кандай жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка газдын жарылышы себеп болгон. 

Тема боюнча

Казакстанда көп кабаттуу үй урап түшүп, эки киши каза болду
Белгилер:
бешик, так үй, Шымкент

ЭҢ МААНИЛҮҮ