12:33 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Казакстандын Шахан поселогундагы урап түшкөн көп кабаттуу үй

Казакстанда урап калган көп кабаттуу үйдүн алдынан 11 жашар кыз табылды

© Фото / пресс-служба акима Карагандинской области
Азия
Кыскача шилтеме алуу
102210

Урандылардын алдында аман калган бир эркек кишиден тышкары 11 жашар кыз табылды.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Казакстандын Шахтинск шаарындагы урап калган көп кабаттуу үйдүн алдынан 11 жаштагы кыз табылып, ооруканага жеткирилгенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

1-январда саат 22.40та Караганда облустук өзгөчө кыздаалдар департаментине аталган шаардагы Шахан айылында көп кабаттуу үй урап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Уйлар. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Максим Богодвид
Урандынын алдынан тогуз кишинин сөөгү табылып, куткаруучулар бир адамды сактап калышкан. 

Бүгүн уранды алдынан 2005-жылкы кыз табылып, жамбаш сөөгү сынып кеткени белгилүү болду. 

Sputnik Казакстан агенттиги мурдараак үйсүз калгандарды жайгаштырууга эки жай даярдалганын жазган. Бирок акыркы маалыматтарга караганда жабыркагандар алардан баш тартып, өздөрүнүн туугандарыныкында баш калкалоодо.

Алдын ала маалыматтарга караганда үйдүн урап калышына жөр төлөдөгү ысык суу казанынын жарылып кетиши себеп болгон.

Тема боюнча

Казакстанда көп кабаттуу үй урап түшүп, эки киши каза болду
Белгилер:
кырсык, көп кабаттуу үй, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ