Кытайда 64 жаштагы аял уул төрөдү

© AFP / GREG BAKERРождаемость населения в Пекине
Рождаемость населения в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык 64 жаштагы аял уул төрөп, улуттук рекордду жаңыртты.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кытайдын Цзилинь провинциясынын 64 жаштагы тургуну уул төрөп, ал дени сак ымыркай төрөгөн эң кары аял аталганын Sina парталына шилтеме жасап РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда аял шаршемби күнү Чанчунь шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.

Аялдын боюна жасалма уруктандыруу жолу менен бүткөнү айтылды.

Үй-бүлөнүн тааныштарынын айтымында аял жалгыз баласы каза болуп калгандан кийин, дагы бир ирет эне болууну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0