04:56 24 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Пахта жыйноо. Архивдик сүрөт

Өзбекстанда пахта жыйноого мажбурлаган мектеп директорлоруна айып салынды

© Sputnik / Алексей Куденко
Азия
Кыскача шилтеме алуу
169 0 0

Мектеп директорлору, кесиптик колледж, дыйкан чарбасы жана поликлиникалардын жетекчилерине салынган айыптын көлөмү 1,5 миң долларды түздү.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өзбекстанда пахта жыйноо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун Sputnik Тажикстан өлкөнүн Эмгек министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Министрликтин кызматкерлери жумушка мажбурлаган үч учурду каттап, андан сырткары балдарды иштетүү боюнча келип түшкөн эки кайрылууну иликтеген.

Укук инспекторлору Анжиандагы тиричилик кызмат көрсөтүү колледжинин директоруна окуучуларды пахта жыйноого мажбурлаганы үчүн административдик айып салды.

"Жалпысынан үч мектептин директоруна, эки кесиптик колледждин башчысына, эки дыйкан чарбасынын жетекчисине жана бир поликлиниканын жетекчисине кызматкерлерди жана жашы 18ге толо элек балдарды жумушка мажбурлаган делип 4,7 миллион сумга чейин (1,5 миң доллар) административдик айып салынган", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары Мамлекеттик укук инспекциясынын кызматкерлери кызмат акысын төлөбөө, жумушчуларды жалдоодо эреженин сакталбашы сыяктуу 14 эреже бузууну каттаган.

Өзбекстанда жыл сайын 3,5 миллион тоннага жакын пахта чогултулат. Анын 50 пайызга жакыны экспорттолот.

Тема боюнча

Эмне эксең ошону аласың. Кыргыз фермерлери кайсы азык-түлүккө басым жасашты?
Белгилер:
пахта, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ