Мирзиёев Баш мыйзам жана Куран кармап ант берип, президенттикке киришти

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенттигине шайланган Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенттигине шайланган Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы президент Мирзиёев колун Баш мыйзамга жана Куранга коюп, ант берди.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өзбекстандын президенттигине шайланган Шавкат Мирзиёев бүгүн Олий Мажилисте ант берип, расмий түрдө Өзбекстандын президенттигине киришти. 

Салтанаттын тартибине ылайык, Мирзиёевге Өзбекстанын президентинин күбөлүгүн БШКнын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов тапшырды. Андан соң Мирзиёев колун Баш мыйзамга жана Куранга коюп, ант берди. 

Инаугурацияга Ташкенттеги аккердитациядан өткөн дипломатиялык ведомстволордун башчылары, жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары катышты. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Мирзиёевди Өзбекстандын президенти болушу менен куттуктады
Эскерте кетсек, Өзбекстанда 4-декабрда президенттик шайлоо өттү. Өлкөнү 1990-жылдан тарта башкарып келген Ислам Каримов 2016-жылдын 2-сентябрында 78 жашында каза болгон. Парламенттин чечими менен президенттин милдетин аткаруу ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. 

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 87,83 пайызы келген. 

Ал эми Либерал-демократиялык партиясынан талапкер болгон Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 88,61 пайызынын добушун алган. Президентти тандоого 20 миллион 462 миң шайлоочунун ичинен 18 миллионго чукулу келген. 

Өзбекстандын сенаты (жогорку палатасы) 13-декабрдагы пленардык отурумунда жаңы шайланган Мирзиёевди өкмөт башчылык кызматтан бошотуп, либерал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши премьер-министрдин кызматына Абдулла Ариповду көрсөткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0