Ырчы Юлдуз Усманова Өзбекстан аймагында кайрадан ырдай баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной страницы Instagramm пользователя yulduzusmonova. Узбекстанская певица Юлдуз Усмонова
Снимок с социальной страницы Instagramm пользователя yulduzusmonova. Узбекстанская певица Юлдуз Усмонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Усманова 8-декабрда Мамлекеттин Конституциясы кабыл алынган күндүн урматына уюштурулган концертте ырдап, ал мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ырчы Юлдуз Усманова Өзбекстанда кайтадан ырдай баштаганын өлкөнүн шоу-бизнеси тууралуу жазган sayyod сайты маалымдады.

Россиянын белгилүү ырчысы, Чай вдвоем тобунун мурдагы мүчөсү Стас Костюшкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
MC_doncha видеосун көргөн орус жылдызы сахнадан кетем деп тамашалады
Бир канча жылдан бери Өзбекстандагы теле-радиого чыкпай калган Усманова 8-декабрда Мамлекеттин Конституциясы кабыл алынган күндүн урматына уюштурулган концертте ырдап, ал мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, маркум президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда бир катар ырчыларга мамлекеттик маданият жайларында концерт берип, ырдоого кыйыр түрдө тыюу салынып, радио, телеканалдарга чыгарылган эмес. Алардын катарында Юлдуз Усманова да бар болчу.

Өзбекстандагы "Водий садоси" ("Өрөөн жаңырыгы") радиосу 9-декабрдан тарта Усманованын жаңы ырлары эфирден берилээрин билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0