БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ташкенттин айрым көчөлөрүн суу каптап жатканын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматта жазылгандай суунун көпчүлүк бөлүгү шаардын борбордук Ц-5, Ц-6 көчөлөрүндө жана Мирабад, Мирзоулукбек жана Чиланзар райондорунда топтолгон.
"Каптаган суу жөө жүргүнчүлөргө да, унаа айдоочуларына да бир топ көйгөй жаратып, жолдо жүрүүгө мүмкүн болбой ар түрдүү жол кырсыктары, унаа тыгындары катталууда", — деп жазылат маалыматта.
Шаардын коммуналдык кызматы эң көп суу топтолгон жерлерге барып, тазалоо иштерин жүргүзө баштаган.
Мындай көрүнүш шаарда катуу жааган жамгырдан соң тез-тезден катталууда. Эң ири суу каптаган окуя 2014-жылы катталып, суу бир гана арык жана тратуарларды каптабастан жер алдындагы өтмөктөргө да толуп калган.