Казакстанда атайын операция жүрүп жатат

© REUTERS / Shamil ZhumatovКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операция мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында жүрүп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Актөбөдө атайын операция жүрүп жатканын Sputnik Казакстан маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаевге шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

"Шаар ичинде атайын операция жүрүп жатат. Бүткөндөн кийин Улуттук коопсуздук комитети кененирээк маалымат берет", — деп билдирди Абаев. 

Ал белгилегендей, операция мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында жүрүп, шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө кармоо болуп жатат. 

"Атайын операциянын максаты менен кармалгандардын бар жогу азырынча айтылбайт", — деп Sputnik Казакстан агенттигине Маалымат жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Арсен Бектасов билдирди. 

Москва, Санкт-Петербург шаарларына жана Борбордук Азияга теракт уюштурууну пландагандагды кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан
Тажик ИИМи Россияда теракт жасоону пландап кармалгандар жөнүндө айтты
Эскерте кетсек, июнь айынын башында бир нече адамдан турган топ Актөбөдөгү курал дүкөнүнө жана аскер бөлүгүнө кол салып, шаарда антитеррористтик операция режими киргизилген. Кол салуунун натыйжасында сегиз киши өлтүрүлүп, анын үчөө — аскер кызматкерлери экени айтылган. 

Андан кийин күч түзүмдөрү 18 кылмышкерди жок кылып, тогуз кишини колго түшүргөн. Терактыга шектелгендер "салафизм" диний агымынын өкүлдөрү экени маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0