Өзбекстан 27 мамлекет үчүн виза режимин жокко чыгарды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын желегин кармаган жарандар. Архив
Өзбекстандын желегин кармаган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы президенттин буйругуна ылайык, виза режими 15 мамлекет үчүн толук жокко чыгарылса, 12 мамлекеттин 55 жаштан улуу жарандары визасы жок Өзбекстанга келе алышат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өзбекстан 2017-жылдын 1-апрелинен тарта 15 мамлекет үчүн виза режимин толугу менен жокко чыгарарын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

Жаңы шайланган президент Шавкат Мирзиёевдин Жарлыгына ылайык, виза режими жокко чыгарылган мамлекеттердин катарына Австралия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Дания, Испания, Италия, Канада, Люксембург, Нидерланддар, Корея, Сингапур, Финляндия, Швейцария жана Япония кирди.

Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөгө виза алуу оңойбу? Консулдун ишеничине кантип кирүүгө болот?
Андан сырткары 12 мамлекеттин 55 жаштан жогорку жарандары үчүн да визасыз режим иштейт. Алар: Бельгия, Индонезия, Кытай (туристтик топтордун курамы менен), Малайзия, АКШ, Франция, Вьетнам, Израиль, Польша, Венгрия, Португалия жана Чехия. Аталган мамлекеттин тургундары 30 күнгө чейин Өзбекстанда жүрө алышат. Ошондой эле бул мамлекеттин жарандары Өзбекстанга киргенде 50 доллар төлөм төлөшү керек. 

Өзбек өкмөтү ошондой эле виза алууну жеңилдетүү боюнча комплекстүү иш-аракеттерди көрүп жатат. Анын ичинде анкетаны онлайн толтуруу боюнча аракеттер да бар.

Чет элдик туристтердин өлкөгө кирүүсүн жеңилдетүү максатында Ташкенттеги, Самарканддагы, Бухарадагы жана Ургенчтеги эл аралык аэропорттордо "жашыл коридор" бажы көзөмөл системасы иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0