Өзбекстанда президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

© AFP / MUHAMMADSHARIF MAMATKULOVДобуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Добуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого чейин он күн калганда башталып шайлоого бир күн калганда жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын президентине мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Шайлоо участкалары саат 9.00 дөн 18.00го чейин 2-декабрга дейре иштеп баштайт", — деди Өзбекстан БШКсы.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого чейин он күн калганда башталып, шайлоого бир күн калганда жыйынтыкталат.

Өзбекстандын Баш мыйзамына ылайык, жарандар шайлоо болор күнү белгилүү бир себептер менен катыша ала албай кала турган болсо, ага чейин талапкерге добуш берип койсо болот. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү каалагандар себебин түшүндүрбөй коюуга укуктуу.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Өзбекстанга расмий сапар менен келди
БШКнын берген маалыматтары боюнча, Өзбекстан президентине 21, 435 миллион шайлоочу добуш бергидей 9381 участкалары даярдалган.

Мындан сырткары башка мамлекеттерде 44 шайлоо участкасы ачылган.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов ушул жылдын 2-сентябрында 78 жаш курагында дүйнө салып, учурда президенттин милдетин Шавкат Мирзиеев аткарып жатат.

Президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Президенттик тактыга бардык партиялардын талапкерлер көрсөтүлүп, өлкө башчы беш жылга чейин шайланат.

Саясат таануучулардын божомолунда өлкө башчылыкка Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Шавкат Мирзиеевдин мүмкүнчүлүгү жогорураак болуп турат.

Мындан сырткары президенттик орунга парламенттин жогорку жана төмөнкү палатасынын вице-спикери "Миллий тикланиш" Улуттук-демократиялык партиясынан Сарвар Отамурадов жана "Адолат" социал-демократтар партиясынан Наримон Умаров ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0