Назарбаев: балдарыма бийликти мурас кылып өткөрүп бербейм

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назарбаев 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын толук айтпастан, бул суроону ачык калтырып койгон.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев балдарына бийликти мурас катары калтырбай турганын айтып, бийликти өткөрүп берүү жолдору Конституцияда башкача жазылганын Bloomberg журналына берген маегинде билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Балдарыма бийликти мурас кылып өткөрүп берүүнү карай элекмин. Бул нерсе биз үчүн эмес… Биздин Конституцияда бийликти өткөрүп берүү жолу башкача жазылган", — деди Назарбаев.

Казак президенти 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын толук айтпастан, бул суроону ачык калтырып койгон.

"2020-жылга чейин мен иштейин, 2020-жылы биз сиз менен жолугабыз", — деди 76 жаштагы президенттикке беш жолу шайланган Казакстандын президенти.

Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Астанага Назарбаевдин ысымын берүүнү көтөрүп чыкты
Казакстандын Баш мыйзамына ылайык, кокусунан өлкө башчы кызматынан бошоп же көз жумса президенттин ордуна сенаттын (жогорку палатасынын) жетекчиси келет.

Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева 2016-жылы сенаттын эл аралык, коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы болуп дайындалган. Ал эми экинчи кызы Динара Кулибаева жолдошу Тимур Кулибаев менен Казакстандагы экинчи ири банкты көзөмөлдөшөт. Ал эми кичүү кызы Алия курулуш иштери менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0