Ташкенттин айдоочулары тургундарды бекер ала кетишет

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОстановкада турган жүргүнчүлөр. Архив
Остановкада турган жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы бир айдоочу #элдисууктанкуткарам деген хэштег менен Яккасарай районуна чейин каалоочуларды жеткирээрин жазып, ал тургай телефон номерин жазып койгон.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ташкенттин айдоочулары кышкы суукта үйлөрүнө жете албаган жарандарды бекер алып кете тургандыктарын соцтармак аркылуу билдиришүүдө. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги маалымдады.

Facebook баракчасында "Ташкенттин айдоочулары" деген топ түзүлдү. Анын катышуучулары суукта жана тайгакта жарандарды бекер ала кетишет. Баракчага айдоочулар кайсы жактар менен кайсы көчө аркылуу кете тургандарын жазышкан. Дагы бир колдонуучу Telegram мессенжеринде атайын топ ачкан.

"Эртең менен таң атпай эч ким такси кармай албайт же суукта кечке автобус күтүшөт. Айдоочулар бул учурда алардын тоңуп турганын көрүп ала кетиши керек", — деп жазат айдоочулардын бири.

Дагы бир айдоочу #элдисууктанкуткарам деген хэштег менен Яккасарай районуна чейин каалоочуларды жеткирээрин жазып, ал тургай телефон номерин жазып койгон.

Жыйынтыгында 14 жүргүнчүнү жеткирген. Аны соцтармактарда отурган башка айдоочулар да колдогон.

Жакында эле Бишкекте дагы суукта маршртурка күтүп турган жарандарды үйүнө чейин ала кеткен кызмат түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0