Катуу сууктан Казакстанда дагы бир аял тоңуп өлдү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКыш. Архив
Кыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда катуу сууктан үч күн ичинде үч киши тоңуп өлгөн.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Казакстандын Акмола облусунун Васильевка айылында катуу сууктан улам бир аял тоңуп өлдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Васильевка айылынын тургуну 19-ноябрь күнү дос кызыныкынан коноктон чыгып үйүнө жетпей калган. Аялдын жолдошу жубайын өзү издеп таппаган соң полиция кызматкерлерине кайрылган. Издөө иштеринен кийин 21-ноябрда жоголгон 50 жаштагы аялдын тоңгон денеси айылдын четинен табылган.

"Маркумдун сөөгү учурда моргго жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча аял катуу сууктан улам тоңуп калган",— деп жазылат билдирүүдө.

Жакында Казакстандын Өзгөчө кырдаал кызматы шашылыш билдирүү таратып 19-20-ноябрь күндөрү абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөй турганын эскертишкен.

Акыркы үч күн ичинде Казакстанда ушуну менен үчүнчү киши тоңуп каза болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0